Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

2015-жылдын 29-апрелиндеги №118

“2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин

бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолу

жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги №118 “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1) 1-пунктундагы “7 681 292,7”, “4 970 047,0”, “678 005,7”, “699 534,2”, “621 626,3”, “712 079,5” деген цифралар тийиштүү түрдө “7 745 321,1”, “5 033 515,6”, “678 014,9”, “699 534,2”, “621 926,3”, “712 330,1” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 13-пункттун 6-пунктчасындагы “14,00 сом” деген сөздөрдөн кийин “2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - 28,00 сом” деген сөздөр менен толукталсын;

3) 16-пункту төмөндөгү мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын: “Бишкек шаарынын административдик райондорунда киреше бөлүгү боюнча план аткарылбаган учурда эмгек акыларын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөрдү төлөөгө карата шаардык бюджеттен административдик райондорго өткөрүлүп берилүүчү каражаттар боюнча”;

4) 22-пунктундагы “17 747,3” деген цифра “106 077,8” деген цифрага алмаштырылсын;

5) 23-пункттагы “7-тиркемеге” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 28-апрелиндеги №50 корутундусун эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;

6)  “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

       7) “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

       2. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттар боюнча калдыгынын чыгашаларын жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү бул токтомдун 3, 3-1-тиркемелерине ылайык багыттоо бекитилсин.

       3. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бектилсин.

       4. 6-тиркеме бул токтомдун 5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       5. 7-тиркеме бул токтомдун 6-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       6. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөр үчүн акча каражаттарды караштырсын:

а) Боталиев көчөсүнө көчө жарыктануусун коюууга - 1200,0 миң сом суммада;

б) Токолдош көчөсүнө көчө жарыктануусун коюууга - 1000,0 миң сом суммада;

в) Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБсы үчүн “Кара-Жыгач” конушунда канализациялык түтүкчөлөрүнүн долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө - 1000,0 миң сом суммада;

г) үлүштүк курулуш программасын өнүктүрүүгө - 8000,0 миң сом суммада.

7. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №20 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого ылайык муниципалдык жерлерде көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруу үчүн тартылган каражаттар үлүштүк куруу программасын өнүктүрүүгө максаттуу каражаттар менен багытталаары белгиленсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ш. Докеновго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл, №143

  ТИРКЕМЕЛЕР