Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө

калтыруу жөнүндө”  маселени даярдоо

 жөнүндө

         Кыргыз  Республикасынын  Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ч. Т. Айтматовдун  ата мекендик  жана дүйнөлүк адабиятты, искусствону жана маданиятты өнүктүрүү ишине сиңирген эмгектерин жана зор салымын белгилөө менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору төмөнкү  толуктоолор менен  даярдалсын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилсин:

- Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту  “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы №29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомун аткаруудан  тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бишкек шаардык кеңештин аппараты “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги   №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра  атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө”  жана “Тынчтык проспектин Чыңгыз Айтматов атындагы проспектке кайра атоо жөнүндө” токтомдорунун долбоорлорун Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                    М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

3-март 2015-жыл, № 112