Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык

менчик башкармалыгынын начальнигинин

милдетин аткаруучунун ишин канааттандыраарлык

эмес деп табуу жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын кайрылуусун карап жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты К. К. Конгантиевдин  “Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевдин ишин канааттандыраарлык  эмес деп табуу жөнүндө” маалыматын угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевдин жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбагандыгы үчүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевге карата чара көрсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №95