Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин2014-жылдын

13-мартындагы  № 74 “Бишкек шаарынын

резервдик фонду жөнүндө” жобону бекитүү

жөнүндө” токтому менен бекитилген

“Бишкек шаарынын резервдик фонду

жөнүндө” жобосуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген регламентине ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2014-жылдын 2-июнундагы чыгыш №11/16-2-14 катын эске алуу менен,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 13-мартындагы  № 74 “Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, “Бишкек  шаарынын резервдик фонду жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Төмөнкүлөр алынып салынсын:

  • III главанын 7-пунктунун 1-абзацындагы “жана башкалар” деген сөздөр;
  • III главанын 7-пунктунун б) кичи пунктундагы “жана башкалар” деген сөздөр;
  • III главанын 7-пунктунун м) кичи пункту.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №87