Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
"Ачык сынактын негизде Бишкек шаарынын
каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону
бекитүү жөнүндө
 
         Коомдук жүргүнчүлөр транспортунун ишин жөнгө салуу, Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү боюнча ачык сынакты өткөрүү тартибин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Ишкерлик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    “Ачык сынактын негизде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.    Бишкек шаарынын мэриясы (И. Ш. Омуркулов) Бишкек шаарындагы каттамдарды пайдалангандыгы укугу үчүн акы катары ташуучулардан түшүүчү каражаттарды багыттоо боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңештин кароосуна берсин.
3.    Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4.    Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т. М. Имашовго жүктөлсүн.
 
Төрага                                                                  М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
19-ноябрь 2013-жыл, №50
        
Бишкек шаардык кеңештин
2013-жылдын «19»ноябрындагы №50   токтомуна  тиркеме
 
“Ачык сынактын негизде Бишкек шаарынын каттамдарын
бөлүштүрүү жөнүндө” жобо
 
1.     Жалпы жоболор
         1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана ачык сынактын негизде (мындан ары-сынак) Бишкек шаарында каттамдарды бөлүштүрүүнүн негизги принциптерин жөнгө салат.
         Сынакты уюштуруунун максаты – бул жеңүүчүнү аныктоонун жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо, менчиктин түрүнө карабастан автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөнүн шарттарын түзүү, чыныгы атаандаштыкты камсыздоо жана транспорттук кызматтардын рыногун жакшыртуу болуп саналат.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар:
-         автобус - жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн белгиленген орто жана чоң көлөмдөгү авто транспорттук каражат;
-         каттамды пайдалануу укугу тууралуу келишим – сынактын жыйынтыгы боюнча Заказчы менен Ташуучунун ортосунда түзүлүүчү типтүү келишим;
-         Заказчы - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
-         сынак – каттамдарды тейлөө боюнча мыкты шарттарды сунуштоочу катышуучуну аныктоого багытталган уюштуруу иш-чаралардын түрмөгү;
-         сынактык комиссия – Бишкек шаарынын каттамдарын пайдалануу
укугуна сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо өзгөчө укугу бар коллегиалдуу орган;
-         сынактык табыштама - Бишкек шаарынын каттамдарында автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташууга кызматтарды көрсөтүүгө катышуучунун сунушу;
-         сынактык документ – заказчы тарабынан сынактын катышуучусуна сынак өткөрүү шарттарын жана тартибин камтыган сынактык табыштаманы даярдоо үчүн берилүүчү документтер түрмөгү;
-         кичи автобус - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн белгиленген маршруттук таксилер (кичине класстагы автобустар);
-         Ташуучу- менчик укугуна же башка мыйзам негиздеринде транспорттук каражаттарга ээ болгон, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, белгиленген тартипте буга тийиштүү уруксааты же лицензиясы бар, сынактын жеңүүчүсү болгон транспорт каражаттары бар юридикалык же жеке жак.
-         Катышуучу - менчик укукка же башка мыйзам негиздеринде, транспорттук каражаттары бар жана сынакка катышкан жеке же юридикалык жак;
3.Бишкек шаарынын мэриясы ачык сынак өткөрүүнүн негизинде Бишкек шаарынын каттамдарды бөлүштүрүүнүн уюштуруучусу болуп саналат.
Сынакты уюштуруу үчүн жоопкерчилик автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жөнгө салуучу жана координациялоочу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына (мындан ары-Заказчы) жүктөлөт.
4.       Бишкек шаарынын мэриясы сынак өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана тийиштүү, буйрук чыгарат.
Сынак аны массалык-маалымат каражаттарына жарыялагандан күндөн тартып жеңүүчү менен келишим түзгөнгө чейин 45 календардык күндөн көп эмес уланат.
Сынакка кичи автобустар жана автобустук каттамдар (мындан ары – каттам) бир каттам-бир лот принциби боюнча коюлат.
5.       Каттамды пайдалануу укугу келишим түзгөндөн кийин сынактын жеңүүчүсүнө гана берилет.
6.       Сынакка жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу талаптарына туура келген кыймылдуу курамдын квалификациялык маалыматтары бар катышуучулар катыша алат.
7.       Сынактын жыйынтыгы боюнча сынактык комиссия Ташуучуларга каттамдарды тейлөө жана бекитүү мөөнөтү белгиленет:
- келишимдин иштөө мөөнөтүн узартуу укугусуз - 3 жылга;
- жаңы кыймылдуу курам болсо, бул жобонун шарттарын сактаган учурда 3 жылга узартуу укугу менен   (сынак өткөн учурда чыккан жылы 3 жылдан көп эмес болсо) - 5 жылга.
8.       Каттамда жүргүнчүлөрдү ташуу бекитилген тарифтерге ылайык жүзөгө ашырылат.
              II. Cынакты уюштуруу жана аны өткөрүү тартиби
 
9. Заказчы массалык-маалымат каражаттары аркылуу сынакты өткөрүү жөнүндө жарыялайт (1- тиркеме).
10. Сынакка менчиктин түрүнө карабастан сынакка катышуу жөнүндө табыштама берген ар кандай жеке же юридикалык жактар катыша алышат.
11. Катышуучу тийиштүү документтерди ала алат жана талдай алат, бул жобонун талаптарына ылайык белгиленген мөөнөттөрдө сынакка катышуу жөнүндө арыз берет.
12. Сынактык документтер өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
а) ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялоо;
б) Катышуучунун арызы (2- тиркеме);
в) квалификациялык маалыматтар (3- тиркеме);
г) Катышуучу жөнүндө маалымат (4-тиркеме);
д) сынакка коюлуучу каттамдардын негизги мүнөздөмөлөрү;
е)   Катышуучулардын сынактык сунуштарынын позицияларын балл түрүндө баалоо (5- тиркеме);
ж) кыймылдуу курамды (кичи автобустар, автобустар) баалоонун сеткасы (6- тиркеме);
з) каттамды пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби (7- тиркеме);
и) эң көп бал топтогон катышуучуну аныктоо боюнча сынактык комиссиянын (мындан ары- комиссия) отурумунун протоколу (8-тиркеме);
к) Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу жөнүндө типтүү келишим (9- тиркеме);
л) 3 нускада СD - дискте жазылган  кыймылдуу курам жөнүндө маалымат.
Сынак өтүү күнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы бир СD - дискти - Бишкек шаардык кеңешке, экинчи СD- дискти- Бишкек шаардык мэриясына кол коюу менен берет.
 
13. Катышуучу Заказчыга өзүнө квалификациялык маалыматтарды, катышуучу жөнүндө маалыматты камтыган сынактык сунуштарды, төмөнкүлөрдөн карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты берет: 
- салык кызматы органынан;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан;
- Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу үчүн жергиликтүү бюджеттин алдында мурунку болгон милдеттенмелери боюнча.
Катышуучу квалификациялык маалыматтарды жана өзү жөнүндө маалыматты сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө тең санда чоң конвертке салат жана печать коюп бекитет.
14.            Заказчы белгиленген мөөнөттө берилген табыштамалардын бардыгын кабыл алууга милдеттүү.
Белгиленген мөөнөтүнөн кечигип түшкөн табыштамалар сынакта катышууга жол берилбейт.
15.           Катышуучу табыштаманы берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин Заказчыны табыштаманы өзгөртүү же кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскерткенден кийин гана, өзүнүн табыштамасын өзгөртө алат же кайтарып ала алат. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилген табыштамага өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.
16.           Катышуучу тарабынан сынакка берилген сунуштар сынак жыйынтыктарын чыгарганга чейин юридикалык күчкө ээ.
Конверттерди ачуу, кароо, сынактык сунуштарды баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо катышуучунун же белгиленген тартипте катталган анын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сынактык комиссия тарабынан ачык түрдө жүргүзүлөт жана протокол менен жол-жоболоштурулат. 
17.            Сынактарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын жеке курамы Бишкек шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясынын көрсөтүүсү боюнча  Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.   
Бишкек шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын макулдашуусу боюнча комиссиянын ишине катышууга табыштама берген Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын жана коомдук уюмдардын  көрсөтүүсү боюнча комиссиянын курамын түзөт.
 
III. Сынактык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары.
 
18.           Сынактык комиссия сынактын негизинде Ташуучуларга каттамдарды бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
Сынактык комиссия катышуучулардан алынган бардык маалыматтарды, анын ичинде табыштамаларда камтылгандардын купуялуулугун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда гана жана бул маалымат тийиштүү болгон катышуучунун макулдугу боюнча гана бул маалыматтар башкаларга берилиши мүмкүн.
19. Сынактык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
а) сынактын жыйынтыгы боюнча Ташуучуларга каттамдарды бөлүштүрүү;
б) катышуучулардын тизмесин түзүү жана киргизүү;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өз функцияларын жүзөгө ашыруу;
г) Бишкек шаарынын аймагында калкты транспорттук тейлөө чөйрөсүндө рыноктук мамилелерди түзүүгө жана адилет атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
д) адилетсиз атаандаштыкты алдын - алуу жана тыюу салуу;
е) сынактык комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча жактардын даттанууларын, сунуштарын, арыздарын кароо.
20. Сынактык комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) аларды даярдоого кетүүчү реалдуу чыгымдарды эске алуу менен сынактык сунуштардын топтомунун наркын белгиленген тартипте аныктоого;
б) сынакты өткөрүүнү 1 жолу гана жана 5 күндөн көп эмес кечирээк мөөнөткө которууга;
в) сынакты өткөрүү маселеси боюнча түшүндүрмө берүүгө;
г) сынактын катышуучуларынан бул жобого ылайык документтик далилдөөлөрдү же башка маалыматты  берүүнү талап кылууга;
д) Заказчы тарабынан суралган маалыматтарды өз убагында бербегендиги, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтар же жалган маалыматтарды бергендиги үчүн сынактан катышуучуну четтетүүгө;
е) сынактын жеңүүчүсүн аныктоого;
ж) катышуучуларга сынактык комиссиянын кеңешмесинин протоколунун нускаларын же көчүрмөлөрүн берүүгө.
21. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Заказчыдан башка катышуучулар жөнүндө жашыруун мүнөздөгү же коммерциялык жашыруун сырды түзүүчү маалыматтан тышкары, сынак өткөрүүнүн шарттары жана тартиби боюнча тийиштүү маалыматты алууга;
б) Заказчыны бул жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү менен табыштама берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин өз табыштамасын өзгөртүүгө жана чакырып алууга;
в) сынакты өткөрүүнүн шарттарын түшүндүрүү, тендердик документ маселелери менен Заказчыга кайрылууга;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте табыштаманы четке кагуунун себептери жөнүндө комиссиядан кыскача маалымат алууга;
д) Катышуучуга тийиштүү сынактык комиссиянын отурумдарынын протоколдорунун нускасын же көчүрмөсүн сурап алууга.
22. Сынактын катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) өзү жөнүндө анык так маалыматтарды берүүгө;
б) сынактык документти, анын ичинде СD - дискте жазылган  кыймылдуу курам жөнүндө маалыматты өз убагында берүүгө;
в) сынак өткөрүүнүн эрежелерин жана жол-жобосун сактоого;
г) сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар менен өз алдынча таанышууга.
 
IV. Сынактык комиссиянын ишин уюштуруу.
23. Сынактык комиссия 11 адамдан: комиссиянын төрагасынан, орун басарынан жана  мүчөлөрүнөн турат.
24. Комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңештин 4 депутаты, транспорт маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын 2 өкүлү жана добуш укугу менен тармактык бизнес ассоциациялардын жана коомдук бирикмелердин 4 өкүлү кирет.
Сынактык комиссиянын катчысы сынактык комиссиянын курамына кирбейт.
25. Сынактык комиссиянын кеңешмесинде сынактык комиссиянын мүчөлөрү алмашуу укугусуз катыша алышат. Сынактык комиссиянын кеңешмеси ага сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн 3\2 ден кем эмеси катышкан учурда укук ченемдүү болуп саналат.
26. Текшерүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү үчүн сынактык комиссиянын ишине катышууга Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жооп берген органдардын адистерин, эксперттерди тартуу кайтарымсыз негизде тийиштүү органдардын жетекчилеринин макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат.
27. Сынактын комиссиясынын кеңешмесинде коомдук бирикмелердин өкүлдөрү көзөмөлдөөчү катары катышууга укуктуу.
28. Сынактык комиссия жарыяланган сынактын тийиштүү талаптарын тааныган сынактык сунуштарды гана баалайт, салыштырат жана кабыл алат. Бул жөнүндө протокол түзүлөт. Эгерде сынактык сунуш бул талаптарга жооп бербесе, ал четке кагылат.
29. Келишимдерди узартуу укугусуз сынактык документтерди сактоо мөөнөтү 6 жылды жана узартуу укугу менен 8 жылды түзөт.
Сынактык документтерди эсептен чыгаруу  сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн 3/2 синен кем эмес курамда комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда акты менен жол-жоболоштурулат.
 
        V. Сынактык комиссиянын төрагасы  жана орун басары.
 
30. Сынактык комиссиянын төрагасы болуп транспорт чөйрөсүн тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри саналат.
 Сынактык комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин жетектейт, сынактык комиссиянын кеңешмесин өтүү күнүн жана ордун аныктайт.
31. Сынак комиссиянын орун басары:  
- сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан биринчи жыйында сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шайланат;
- сынактык комиссияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик алат;
- сынакты өткөрүүнүн протоколдорун тийиштүү жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
- сынактын катышуучулары менен түшүндүрүү ишин жүргүзөт.
 
 
VI.           Сынактык сунуштарды баалоо жана жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби жана процесси.
 
32. Конверттерди ачуу, кароо, катышуучулардын сунуштарын баалоо жана эң көп балл топтогон катышуучуну аныктоо катышуучулардын катышуусунда сынактык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
33. Сынактык комиссиянын катчысы сынактык документтердин реестрин түзөт жана сынактык сунуштары менен ар бир кабыл алынган конвертке чапталган боюнча каттоо катар номурун ыйгарат.
Сынактык комиссиянын катчысы сынактык сунуштары менен конвертти ачат жана катышуучу жөнүндө маалымат угузат жана сынактын комиссиясынын ар бир мүчөсүнө таркатып берет.
34. Сынактык комиссиянын мүчөлөрү сынактык сунуштардын ар бир пунктун карашат жана сынактык сунуштардын ар бир пункту боюнча өзүнчө баа коюшат.
          35. Сынактык сунуштар каралгандан жана баалангандан кийин сынактык комиссиянын катчысына тапшырылат. Ал аларды ошол эле каттоо номур менен кайра чоң конвертке салат.
          36. Сынактык сунуштарды кароо менен конверттерди ачуунун ушул сыяктуу жол–жобосу сынактын бардык катышуучусуна карата жүргүзүлөт.
          37. Сынактык сунуштарды кароодон жана баалоодон кийин сынактык комиссиянын бардык мүчөлөрү балл түрүндөгү катышуучунун сынактык сунуштарын, позицияларын баалоону күбөлөндүрөт жана аны сынактык комиссиянын төрагасына берет.
          38. Сынактык комиссиянын төрагасы күбөлөндүрүлгөн форманын негизинде катышуучунун жыйынтык баллын кошот, ар бир катышуучу боюнча жалпы суммалык баллын аныктайт жана сынактын катышуучуларына ачык жарыялайт. Сынактык комиссиянын катчысы аны сынактык комиссиянын протоколуна каттайт.
          39. Жалпы суммалык баллдын жыйынтыгы боюнча сынактык комиссиянын төрагасы катышуучунун катар номурун жана алар тарабынан алынган баллдын санын маалымдайт.
          40. Эгерде эки же андан көп катышуучу бирдей максималдуу суммаллык балл топтогон учурда, сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө бул катышуучулардын сынактык сунуштары кайра таркатылат.
          Бул учурда кыймылдуу курамдын абалын мүнөздөөчү баллдын эң көп саны боюнча (отургучтар боюнча сыйымдуулугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуулук, чыккан жылы) сынактын жеңүүчүсү аныкталат.
          41. Ачык сынактын жеңүүчүсүн аныктоо боюнча сынактык комиссиянын кеңешмесинин жыйынтыктары сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган жана төрага тарабынан бекитилген протокол менен жол-жоболоштурулат.
          Сынак өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча сынактык комиссия сынактын катышуучу-жеңүүчүсүн аныктоо боюнча болжолдуу чечим чыгарат.
          42. Катышуучу тарабынан берилген сынактык сунуштардын, маалыматтардын аныктыгы сынактык комиссия тарабынан контролдук текшерилүүгө тийиш.
          Жеңген катышуучу 2 календардык күндүн ичинде сынактык шарттарга ылайык төмөнкү документтерди (лотту утуп алган бардык транспорттук каражаттардын техникалык паспортторун, алардын катышуучуга таандык экендигин тастыктоочу документтерди, айдоо укугуна күбөлүктүн көчүрмөсүн (айдоочу персоналы үчүн), карыздардын жоктугу жөнүндө маалымакаттын түпнускасы) көрсөтөт. 
          Эгерде, контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө катышуучу тарабынан берилген сынактык сунуштардын анык эместиги фактысы табылса, сынактык комиссия мурда кабыл алынган сынак өткөрүлгөн күндө жарыяланган болжолдуу чечимди, катышуучуну бул сынакта бул лотко кайта катышуу укугунан ажыратуу менен жокко чыгарат.
          Сынактык комиссия болжолдуу чечимди жокко чыгаруу жөнүндө 5 күндүн ичинде катышуучуга билдирет.
          Катышуучу тарабынан сынакка коюлуп жеңген транспорт каражаттар кайта башка лотторго сынакка катышуу үчүн коюлбайт.
         Сынакта уткан катышуучунун транспорттук каражаты башка лоттордо кайра катышкандыгы табылган учурда, катышуучу сынакка андан ары катышуудан четтетилет жана жыйынтыгы жокко чыгарылат.
         43. Сынактык сунуштардын маалыматтарынын аныктыктыгын текшерүүдөн кийин, сынактык комиссия жыйынтыгын чыгарат жана Жеңүүчү-ташуучу жөнүндө акыркы чечим кабыл алынат.
         Сынактык комиссиянын протоколунун негизинде заказчы белгиленген мөөнөттө сынактын жеңүүчүсү менен сынакка коюлган Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу жөнүндө келишим түзүүгө милдеттүү.
          44. Ташуучу заказчынын макулдугу менен келишимдин иштөө мезгилинде сынактык сунуштарда коюлган кичи автобустарды жана автобустарды жаңыраак жана ыңгайлуураакка алмаштыруу, ошондой эле техникалык жактан бузуктарды алмаштыруу укугуна ээ.
 
VII.        Жыйынтыктоочу жоболор.
 
      45. Сынактын жыйынтыктары катышуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанууга жатат.
     
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                       Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
 
 
 
 
 
“Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 1-тиркеме
 
Үлгү
 
Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө  кулактандыруу
 
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү боюнча ачык сынакты өткөрүү жөнүндө  жарыялайт:
 
Каттамдын аталышы
Лоттун №
1
2
 
Сынак өтүү күнү _____жылдын “ ____” ________.
Сынак өтүү убагы ____ саат ____ мин.
Табыштама берүүнүн акыркы мөөнөтү - 20__ -жылдын «__» _________    
 «__» саат ___ мүнөткө чейин.
 
         Кеңири маалымат, сынактык документти берүү жана табыштамаларды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча:
Бишкек   шаары,    __________________________ , № ____ кабинетте жүргүзүлөт.
         Телефон боюнча маалымат __________________________________
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                             Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 2-тиркеме
 
                                               Үлгү
 
                                               АРЫЗ
               
Кимге: Сынактык комиссиянын төрагасына_______________ ____________________________________________________________
                                       
Кимден: _________________________________________________________
(катышуучунун аталышы)
                           
Катышуу жөнүндө сынактык табыштама
 
Сиздердин ачык сынак өткөрүү жөнүндө кулактандыруу боюнча __________ (кулактандыруунун күнү), _________ лоттун номуру (тийиштүү номур), ____________________________ (Катышуучунун аталышы) мен ачык сынакка катышуу жөнүндө ниетимди  билдирем жана ачык сынакка катышуу үчүн шарттарга ылайык өзүмдүн сынактык табыштамамды, белгиленген формадагы сынактык сунуштарымды берем.
         Мен______________________________________ (катышуучунун аталышы)  сынактык негизде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө жободо камтылган бардык шарттарга макул экендигимди билдирем.
(Катышуучунун аталышы жана аты – жөнү, кызматы,)
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                           Э. А. Нурдавлетов
 
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 3-тиркеме
 
                                                Үлгү
 
                    КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТАР
1. Резервде тургандарды кошо, №___ каттамда иштөө үчүн кичи автобустардын, автобустардын сунуш кылынган тизмеси:
Асп =____бирд. (Бардыгы: жүргүнчүлөр транспорту)
 
Транс
порттук каражаттын маркасы (тиби)
 мам. №
кичи автобустардын, автобустардын сыйымдуу-лугу
Чык-
кан жылы
Сыйымдуулугу үчүн баа (жалпы, жүргүнчү
орун) комиссия тарабынан толтурулат
Чыккан жылына баа (комиссия тарабынан толтурулат)
1
2
3
4
5
6
7
 
2. Транспортту токтотуу, кыймылдуу курамды техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо үчүн өндүрүштүк-техникалык базанын болуусу ________________________________________________________________
         3. Салыктар боюнча карыздардын жоктугу
________________________________________________________________
         4. Социалдык фондго төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу ________________________________________________________________.
         5. Бишкек шаарынын каттамды пайдалануу укугу үчүн жергиликтүү бюджеттин алдында мурунку болгон милдеттенмелери боюнча карыздын жоктугу ________________________________________________________
 
Колу                                                  _________________________________
 
Толтурулган датасы        20___ -жылдын “___” _____________
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 4-тиркеме
                                                       
үлгү
                                               Катышуучу жөнүндө
                                                  МААЛЫМАТ
 
1. Катышуучунун (юридикалык же жеке жак) анын юридикалык дареги: ______________________________________________________________
2. Катышуучуну көрсөтүүчү, ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү (тийиштүү ишеним каты менен) ________________________________________________________________
3. Катышуучунун мамлекеттик каттоодон өткөн же кайра каттоодон өткөн датасы _________________________________________________
4. Катышуучунун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, тейлеген банктын аталышы жана анын юридикалык дареги, алыш-бериш эсебинин номуру _________________________________________________
______________________________________________________________
 
Колу ________________
 
20____ -жылдын «____»___________.
 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                           Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
 
 
 
 
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 5-тиркеме
                                              
Үлгү
 
Катышуучулардын сынактык сунуштарынын позицияларын балл түрүндө баалоо
 
Катышуучунун катар №____
 
Кыймылдуу курам
Өндүрүштүк- техникалык база, техникалык кароо, медициналык жана наркологиялык күбөлөндүрүү пункттарынын болуусу
1
2
Баалоо сеткасына ылайык  (6-тиркеме)
Өздүк базасы болгондо-1 балл, келишим боюнча-1 балл.
 
Кыймылдуу курамды сатып алуу жана жаңыртуу боюнча иш-чара планын болуусу
Жүргүнчүлөр алдында Ташуучунун жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсызданды-руусунун болуусу
1 автомашина үчүн сыйымдуу-лугу (жалпы, 12 жүргүнчү орун)
GPS же
ГЛОН
ССтин
болуусу
Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн ыңгайлаштырылган кыймылдуу курамдын болуусу
Бардыгы
3
4
5
6
7
8
3 балл
0,5 млн. сом -1-балл, ар бир 1 млн. 1 балл кошулат
ар бир кошумча орун үчүн 1 балл кошуу 0,2 балл
1 автомашина үчүн-1 балл
1 автомашина үчүн-1 балл
 
 
Комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү: _____________________________________________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________
 
Колу ___________________________________________________________
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 6-тиркеме
 
Кыймылдуу курамды баалоонун сеткасы
(кичи автобустар, автобустар)
Чыккан жылдын башынан эксплуатациялоо мөөнөтү
 
Кыймылдуу курамдын маркасы
 
 
Кичи автобустар (чет элдик өндүрүштөгү)
Кичи автобустар
(КМШ)
 
 
Балл түрүндө баалоо
Балл түрүндө баалоо
 
 
Чыккан жылы үчүн
Чыккан жылы үчүн
1
20 жылдан жогору
0
0
2
10 жылдан 20 жылга чейин
8
5
3
8 жылдан 10 жылга чейин
10
12
4
5 жылдан 8 жылга чейин
15
15
5
3 жылдан 5 жылга чейин
20
18
6
3 жылга чейин
30
20
 
Чыккан жылдын башынан эксплуата­циялоо мөөнөтү
Кыймылдуу курамдын маркасы
 
 
Автобустар (алыскы чет өлкө)
Автобустар(КМШ)
 
 
Балл түрүндө баалоо
Балл түрүндө баалоо
 
 
Маркасы үчүн
Чыккан жылы үчүн
Жалпы балл
Марка-сы үчүн
Чыккан жылы үчүн
Жалпы  балл
1
10 жылдан жогору
0
0
0
0
0
0
2
5 жылдан 10 жылга чейин
10
10
20
10
5
15
3
2 жылдан 5 жылга чейин
10
20
30
10
10
20
4
2 жылга чейин
10
30
40
10
20
30
Жалпы сыйымдуулугу
Кыймылдуу курамдын маркасы
 
 
Автобустар (чет элдик өндүрүштөгү)
Автобустар (КМШ)
 
 
Балл түрүндө баалоо
Балл түрүндө баалоо
1.
65 жана жогору
10
8
2.
35тен 65ке чейин
5
3
3.
35тен аз
0
0
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                                                  Э. А. Нурдавлетов
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 7-тиркеме
                                                       
 
Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби
(тартылган транспорттон тышкары муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка)
 
         Каттамдын пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби
(тартылган транспорттон тышкары муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка) ар бир каттам боюнча аныкталат:
А= АI, II, III х N х 110% /100% болсо,
АI, АII, АIII   муниципалдык  каттамга ижара акысынын базалык наркынын эсеп-кысабы мурда бекитилген методикасы боюнча түзүлгөн каттамдын тийиштүү категориясы боюнча каттамды пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын  баасы (тартылган транспорттон тышкары муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка).
 
I категория: АI=983 сом,
,             II категория: АII= 578 сом
III категория: АIII = 347 сом.
 
N – бирдиктин паркын пайдалануу коэффициент (ППК) бирдигин эске алуу менен, ар бир каттам боюнча кыймылдуу курамдын саны. “Ташуучунун” 0,60 тан 0,85ге чейинки техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен паркты пайдалануу коэффициенти “Ташуучу” менен макулдашуу менен белгиленет.
10%- өсүүнүн ар жылкы пайызы.
Эскертүү: Каттамдын тийиштүү категориясы боюнча каттамдын пайдалануу  укугу үчүн  акы төлөө наркынын эсеби (тартылган транспорттон тышкары  муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка) жыл сайын жаңы календардык жылдын башынан аныкталат. 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 8-тиркеме
 
                                               Үлгү
 
Эң көп балл топтогон катышуучуну аныктоо боюнча сынактык комиссиянын жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
 
Бишкек шаары                                                 20 -__ жылдын "___" ________
Сынактык комиссия курамында,  төрага______________________________
комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү, кызматы жана иштеген орду: ________________________________________________________________________________________________________________________________
 
20 -__ жылдын "___" ________ жарыяланган кичи автобус, автобус каттамын пайдалануу укугуна сынак өткөрүлүп, жүрүшүндө эң көп балл топтогон жана төмөнкү натыйжаларга ээ болгон төмөнкү катышуучулар аныкталды:
лоттун№
Катышуучунун №
Катышуучунун аталышы
Топтогон баллдын суммасы
Максималдуу балл топтогон катышуучу
1
 
 
 
 
 
2
1
2
3
4
5
ж.б. у.с .
1
2
3
4
5
ж.б. у.с.
 
 
 
 
Сынактык комиссиянын төрагасы      _____________________________
Сынактык комиссиянын катчысы       _____________________________
Сынактык комиссиянын мүчөлөрү    _____________________________
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов
 
“Ачык сынактын негизиндеБишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобого 9-тиркеме
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу жөнүндө
КЕЛИШИМ
 
Бишкек шаары                                         20__-жылдын «__» _________
 
Мекеме ___________________________________________________       Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы
 
мындан ары Заказчы аталган ____________________________( аты-жөнү,
 
кызматы) _______________________________________________ негизинде
 
(юридикалык жана жеке жактын аталышы)
 
мындан ары Ташуучу аталган,________________________ негизинде  экинчи тараптан   төмөндөгүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү.
I.                  Келишимдин негизи
1. № ____ каттамда (мындан ары- каттам) жүргүнчүлөр транспорттук кызматтарын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу (ташуу) укугу менен каттамды пайдалануу укугу үчүн баанын акысы.
2. Каттамга төмөндөгүлөр тиркелет:
- Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугу үчүн жооп берген орган менен макулдашылган кыймыл чиймеси (аялдамалар жана аяккы пункттардын тизмесин кошо);
         - иш графиги;
- кыймыл расписаниеси.
         3. № ___ каттамда жүргүнчүлөрдү ташууга бекитилген тарифтин өлчөмү, бир жүргүнчү үчүн бекитилген тарифке ылайык жүргүзүлөт.
 
                            II. Келишимдин баасы
 
    4. Каттамды пайдалануу укугу үчүн акы төлөөнүн баасынын эсебине ылайык паркты пайдалануу коэффициентин эске алуу менен, айына кыймылдуу курамдын ар бир бирдиги үчүн № ____ каттамды пайдалануу укугу үчүн баа _______ сомду түзөт.
5. Жогоруда аталган каттамды пайдалануу укугу үчүн акы төлөө Ташуучу тарабынан шаардык бюджетке акча каражаттарын ай сайын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
 
III. Тараптардын укуктары
 
6. Ташуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Заказчыга жүргүнчүлөрдүн жүрүүсү үчүн акынын өлчөмүн, каттамдын иш режимин өзгөртүү жөнүндө сунуш жана каттамда жүргүнчүлөрдү транспорттук тейлөөнү жакшыртууга багытталган башка чараларды киргизүүгө;
- кыймыл коопсуздугунун жана жүргүнчүлөрдү ташуу талаптарына жана шарттарына каттамдын участокторуна туура келбөөсү жөнүндө Заказчыга кабарлоого;
- Заказчыга каттамдардын чиймесин ачуу (жабуу), өзгөртүү жана кыймылдын расписаниесин кайра кароо боюнча сунуш киргизүүгө.
7. Заказчы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Ташуучунун ишин жөнгө салууга жана координациялоого, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимди бузган фактылар табылган учурда тийиштүү чараларды көрүүгө;
- Ташуучудан бул келишимде аныкталып кабыл алынган милдеттерди аткарууну талап кылууга.
IV. Тараптардын милдеттери
 
8.     Ташуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
 
- өз ишинде Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежесин, бул келишимди жетекчиликке алууга жана алардын аткарылышын камсыздоого;
- бул келишимдин иштөө мөөнөтүнүн ичинде бекитилген каттамдарда жүргүнчүлөрдү дайыма ташууну жүзөгө ашырууга, транспорттук каражаттардын линияга пландуу чыгууларын жабууну камсыздоого; 
- Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежесине ылайык Заказчы тарабынан бекитилген каттамдын иш режимин сактоого;
- ар айда каттамды пайдалануу укугу үчүн акы төлөөнү жүргүзүүгө;
- жүргүнчүлөрдү ташууда ташуу коопсуздугунун, медициналык-санитардык, экологиялык жана өрткө каршы эрежелердин талаптарына жооп берген техникалык жактан оң транспорттук каражаттарды пайдаланууну камсыздоого жана транспорттук каражаттын салонун жана салондо отургучтарды өз алдынча кайра жабдууга жол бербөөгө; 
- күнүмкү техникалык тейлөөнү, салондун ички жана тышкы тазалоо иштерин жүргүзүүнү камсыздоого, кыймылдуу курамдын күнүмкү рейс алдында техникалык абалын жана айдоочулардын медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн контролдоого, ошондой эле айдоочулардын эмгек режимин жана эсе алуусун уюштурууга;
- каттамдардагы кичи автобустардын жана автобустардын кыймылынын бекитилген чиймесин, алардын иштөө режимин, кыймыл расписаниесин өзгөртүүгө, жүргүнчүлөрдү ташууда тарифтерди өз алдынча көбөйтүүгө жол бербөөгө;
- жүргүнчүлөрдү ташууда, Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну уюштуруу эрежесине ылайык жабдылган кичи автобустарды, автобустарды пайдаланууга;
- ар бир кичи автобустун, автобустун салонунун көрүнүктүү жерине каттамды тейлеген Ташуучу жөнүндө маалыматты жайгаштырууга;
- кыймыл расписаниесинин каралган графиктерин сактоого; 
- каттамда жол кыймылы эрежесин аткарууну жана жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтому менен бекитилген “Экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына иштеген жылы туура келген айдоочуларды линияга чыгарууга;
- каттамда иштөө үчүн белгиленген уруксат берүүчү документтердин толук топтому болбогон айдоочулардын линияга чыгарбоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун, транспорттук ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарын жана алардын ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылуучу, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарымдуу органынын тескемелерин аткарууга.
 
9. Заказчы төмөндөгүлөргө милдеттендирилет:
- Ташуучуну кыймыл каттамдарынын, ташуу шарттарынын, өзгөрүүлөрү жөнүндө жазуу түрүндө 7 календардык күндө маалымдоого;
- Ташуучу тарабынан каттамда кыймылдуу курамдын иш-графигинин күнүмкү сакталышы боюнча ишти камсыздоого;
- кичи автобустардын, автобустардын паркын жаңылатууда (жеңилдетилген кредиттер, лизинг ж.б.у.с.), жол катмарын жакшыртууда жана аны өз убагында ремонттоого Ташуучуга көмөк көрсөтүүгө.
 
V. Тараптардын жоопкерчилиги
 
10. Ташуучу төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алат:
- мыйзамдардын, транспорт чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын, бул келишимдин ылайыксыз аткарылышына;
- каттамды пайдалануу укугу үчүн бааны өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн, Ташуучу ар бир өтүп кеткен күн үчүн карыздын суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү туумду шаардык бюджетке төлөөгө.  
11. Бул келишимдин шарттары бузулган учурда, заказчы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат. Заказчынын иш-аракети жогору турган инстанцияда же сот тартибинде даттанууга алынышы мүмкүн.
VI. Өзгөчө шарттар
 
12. Бул келишимдин шарттары тараптардын биринин сунушу боюнча кайра каралышы мүмкүн. Бул келишимдеги жоболордун өзгөрүүсү жөнүндө сунуштар тараптар тарабынан жазуу түрүндөгү эскертүү алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде каралат. Ошону менен бирге Заказчы кайра кароосуз бул келишимди күчүндө калтыруу укугун өзүндө калтырат.  
13. Ташуучу бул келишимдин шарттары боюнча өз укуктарын башка үчүнчү жакка ижарага (субижарага) өткөрүп бере албайт.
14. Ташуучу Заказчы менен макулдашуу боюнча бул же тигил каттамда жүргүнчүлөр агымы азайган же көбөйгөн учурда, кичи автобустардын, автобустардын пландуу чыгуусун өзгөртө алат.
 
VII.        Келишимди бузуу үчүн негиздер
 
15. Заказчы Ташуучу менен төмөнкү мүнөздөгү тартип бузууларга жана бул келишимдин талаптарынан четтөөлөргө 3 жолудан көп эмес жол берилген учурда соттон тышкары бир тараптуу тартипте келишимди бузууга укуктуу:
- Заказчы менен макулдашпастан каттам кыймылынын чиймесин өзгөрткөндө;
- айдоочу мас абалда каттамда транспорт каражатын башкарганда;
- уруксат берүүчү документтерди, келишимдерди окшотуп жасаганда, транспорттук каражаттын техникалык мүнөздөмөлөрүн өз алдынча өзгөрткөндө, транспорт каражатынын салонун жана салондогу отургучтарды кайрадан жабдыганда;
-  каттамдын айдоочуларынын иш - графигинде жазылбаган жактарга рулду өткөрүп бергенде;
- Ташуучу тарабынан бул келишим боюнча иштөө укугун үчүнчү жакка өткөрүп берилгенде;
- Заказчы тарабынан белгиленген каттамда пландуу чыгуу бузулганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ташуучу тарабынан транспорт чөйрөсүн жөнгө салуучу жергиликтүү жана башка ченемдик укуктук актылар аткарылбаганда.
4-жолу тартип бузууга жол берилген учурда, Заказчы менен биргеликте Ташуучу менен келишимди бузуу жөнүндө чечим кабыл ала турган  сынактык комиссиянын кароосуна документтер жөнөтүлөт.
 
VIII.    Келишимдин иштөө мөөнөтү
 
16. Бул келишим тараптары тарабынан ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 20__ - жылдын “___” ____________ тартып 20__-жылдын “___” ____________  чейин иштейт.
 
 
IX. Юридикалык даректер жана тараптардын реквизиттери
 
Заказчы:                                                 Ташуучу:
__________________________        ______________________________
___________________________      _____________________________
___________________________     ______________________________
___________________________     ______________________________
___________________________     ______________________________             
 
 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                        Э. А. Нурдавлетов
 
 
биринчи тарап жана, ______________________________________________  
 
Урматтоо менен,___________________________________________                                   
Колу ________________               Датасы     __________________
                                
Датасы: ___________________________________________________________