Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Постановления

Бишкек шаардык кеңеши Анна Алексеевна Кутановага “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарды.

Бүгүн 2021-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамынын ыйгарылышы менен куттуктоо

жана “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Ардак Грамотасын, күбөлүгүн жана төш белгисин тапшыруу үчүн Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун төрагасы Анна Алексеевна Кутановага барып келди.  Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусунун жана өзүнүн атынан анын эрдиги үчүн жылуу ыраазычылык сөздөрдү айтуу менен куттуктады.

Куванычбек Конгантиев Анна Кутанова сыяктуу адамдар бүгүнкү муун үчүн мекенчилдиктин үлгүсү, ошондой эле, жаштарга биргелешкен күчтөрү менен өлкө үчүн ар кандай кыйынчылыктарды жеңсе боло тургандыгына ишеним берээрин белгиледи. Өз кезегинде Анна Кутанова жана анын уулу Марат Кутанов шаардык парламенттин  төрагасынын дарегине жана бардык Бишкек шаардык кеңешине ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

“Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы  шаардык коомчулук алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу максатында, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн ыйгарылаарын эскерте кетели.