Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Президиум Бишкек шаардык кеңештин кезектеги VIII сессиянын датасын жана убактысын белгиледи

Бүгүн, 2022-жылдын 16-майда Бишкек шаардык кеңешинин Президиуму кезектеги VIII сессиянын отурумун өткөрүүнү 2022-жылдын 26-майына, саат 09-00 белгиледи.

Президиумдун жумушунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басары Токтосун Султанов, фракция лидерлери, Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, вице-мэр Нурлан Шаршеналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы жана Бишкек шаарынын мэриясынын ММБДнын жетекчиси катышышты.

Сессиянын күн тартибинин долбоору бекитилди, бардыгы болуп 12 маселе жана «ар кандай» бөлүмдө 2 маселе.

Сессиянын кароосуна негизинен жер мамилелерин жөнгө салуучу токтом долбоорлору, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер боюнча отчет сунушталууда, «Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана 2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын  жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө маселелер сунушталууда.