Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бишкектиктер,

Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм!
9-май, бул даңктуу Жеңиш күнү, ал ар дайым календарда өзгөчө орунду ээлеп келет. Советтер Союзунун бардык республикаларынын элдери фашизмге каршы ийиндешип салгылашкан. Ошол каардуу жылдары, согуштун сыноолоруна дуушар болбогон үй-бүлө болгон жок.
Биздин чоң аталарыбыз, чоң апаларыбыз, тылдын коргоочулары, балдарынын, деги эле келечек муундун бактылуу жана жарык келечеги үчүн күрөшкөн. Эбегейсиз зор жоготуулардын баасы менен тынчтык жана эркиндик укугу жеңип алынган.
Жеңиш күнү бизди кубанычка жана ошол эле учурда, согушта курман болгондор үчүн кайгыга толтурат.
Бүгүн биз, ушул улуу күндү көрүп, биз мен чогуу майрамдап жаткан ардактуу, кадырлуу ардагерлерибизге таазим этип, сиздердин эрдигиңиздерге ыраазычылык билдиребиз.
Ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, жаркын маанай жана бакубатчылык каалайм! Асманыбыз ачык болсун, өлкөдө тынчтык болсун!
 
Урматым менен, Куванычбек Конгантиев