Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2021-жылдын 17-сентябрында Жаныбек Асанбековдун төрагалыгынын астында Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму  болуп өттү

Бул отурумга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун султанов дагы катышты. Депутаттар тарабынан Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарына балдардын 1-класска каттоо, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо боюнча электрондук тизменин иши,

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында (мектеп жана бала бакчаларда) балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши жана ачылууга даярдыгы жөнүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарында муниципалдык жайларды рационалдуу колдонуу жөнүндө, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын иши жөнүндө маалымат угулду.

Туруктуу комиссиянын отурумунун күн тартибиндеги маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча көзөмөлдөөчү вице-мэрлерге жана түзүмдүк кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.