Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бүгүн, 2021 -жылдын 16-сентябрында, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, комуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын күн тартибиндеги төмөндөгү маселелер каралды. 

 
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилген транспорт жаатындагы Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселеси каралып, анда жүргүнчүлөрдү жана багаждарды ташууга тарифтер такууга алынды.
“Бишкек шаарынын көчө-жол тутумун жакшыртуу” долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу сөз болду бул маселенин алкагында депутаттар жол курулушунун сапатын, тротуарлар, сугат тармактары, КЭР тарабынан бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен Бишкек шаарында бордюрларды салуу, мындан тышкары, жашыл зоналарды жана жарандардын бош убактысын өткөрүү максатында шаарда аянттарды уюштуруу маселеси каралды.
Бишкек шаарынын мэриясынын бардык маселелери боюнча, анын структуралык бөлүмдөрүнө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.