Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бүгүн 2019-жыл үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамдары салтанаттуу түрдө ыйгарылды

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча салтанаттуу ишчара Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басары Токтосун Султанов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өттү.

Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, коомдук жана меценаттык активдүү иши үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылды:

1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, "Эмгектин ардагери", Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын башкы юрист-консультанты - Брейво Вячеслав Георгиевичке;

2. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРБӨСМдин  директору - Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович;

3. Бишкек шаарыдк кеңешинин үч чакырылышынын депутаты - Пирматова Асель Айтбаевна; 

4. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун "Шааркуруу” кафедрасынын башчысы - Кеңешов Төлөбай Сейдакматович;

5. "Кыргыз-Фариаб" ЖЧКсынын директору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү экс-министри - Сабиров Равшанбек Азатович;

6. "Аман инвест строй" ЖЧКсынын генералдык директору - Орумбаев Медербек Аманович.