Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Куванычбек Конгантиев Бишкек шаарынын ЖЭБсынын кызматкерлерин жана ардагерлерин 60 жылдык  мааракеси менен куттуктады

Бүгүн Бишкек шаарынын ЖЭБсынын “Электр станциялары” ААКсы ишке киргизилгенинин 60 жылдык юбилейин белгилеп жатат.  Салтанаттуу иш-чара ишкананын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевдин, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин,

Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын ЖЭБсынын жетекчилигинин, ишкананын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин  катышуусу менен уюштурулган.

Өзүнүн кесиптештерин куттуктоого келген Лев Васильевди өзгөчө белгилеп кетсе болот. Лев Васильев  30 жыл (1978-2008-жж.) Бишкек шаарынын ЖЭБсынын директору жана Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.

Куванычбек Конгантиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө “60 жыл аралыкта үзгүлтүксүз иштөөгө мүмкүнчүлүк берген  ЖЭБнын эң уникалдуу ресурсу болуп жарым аскердик шарттарда иштөөгө көнүшкөн компетенттүү, абийирдүү  жана абдан жоопкерчиликтүү адамдар” - деп белгилеп кетти.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин Бишкек шаарынын ЖЭБнын мыкты кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктарын тапшырылды жана иш-чаранын бардык катышуучулары жана коноктору Бишкек шаарынын ЖЭБнын музейинин ачылышына күбө болушту.