Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

2021-жылдын 07-сентябрында Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин катышусунда жана Таалайбек Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү маселелерди карашты:
-  «Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө» БШКнин токтомунун долбоору;
- “К3 зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө” БШКнин токтомунун долбоору;
- Бишкек шаарынын 2021-жылдын  8 айынын  жыйынтыгы боюнча бюджетинин аткарылышы тууралуу;
- Бишкек шаарынын 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- каттарды жана кайрылууларды кароо.
Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече чечимдерди жана тапшырмаларды кабыл алышты.