Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бүгүн 2021-жылдын 7-сентябрында Бактыбек Абдиевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеңешинин төрөгасынын орун басары Токтосун Султановдун катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюумдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Туруктуу комиссия Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковдун Бишкек шаардык мэриясынын түзүмү жана муниципалдык администрация башчыларынын 2021-жылдагы аткарыла турган иши жөнүндө маалыматын укту.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.