Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Транспорт тарифтери боюнча БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиевдин өз пикири: "Саламатсыздарбы, урматтуу шаар тургундары, достор!

Социалдык тармактарда, жаңылык баракчаларында Конгантиев Бишкек шаардык транспорт тарифтерин БШК бекиткенге укуктуу эмес деп айтты. Демек Конгантиев жоопкерчиликти алуудан качып жатат таризиндеги маалыматтар таркатылууда.
Урматтуу достор! Бул биринчиден менин толук оюмду билдирбестен, тиешелүү комиссияда сүйлөгөн сөзүмдүн үзүндүсүн кесип алып талкууга чыгаргандан келип атат.
Экинчиден, мен жоопкерчиликтен качпастан, кайра шаардык кеңештин ушул чакырылышы биз толук жоопкерчиликти алып, коомдук транспорттун тарифтерин убактылуу эмес, мындан ары маселе, көйгөй болбогудай кылып чечишибиз керек деген ойдо болуп келем.
Эми тарифтер боюнча менин кыскача оюм. Шаарыбыздын коомдук транспорт тарифтери 10 жылдан бери өзгөрүүсүз калып келет. Жаңы тарифтер БШКда каралат деген маселеге 7 жыл болду! Транспорт багытында иштеген адамдар, фирмалар бул маселени кабыргасынан койгондо, Мэрия бул маселе БШКда каралышы керек, ошолор жаңы тарифти бекиткенде гана сиздердин маселе чечилет деп биз тарапка шилтеп келишет. Ал эми БШК коллегиалдуу орган болуп, тиешелүү комиссияларда, иш топторунда карап, талкуулап, толуктоолор, кошумчалады кылууга документтерди кайра мэрияга жөнөтүп, ал кайра келгиче убакыт дагы королуп, транспорт багытындагы компаниялар дагы нааразы болуп, эл дагы кыйналууда. Бул БШКда 10 жылда бир каралып турбастан, Мэрия бул маселени БШКага жөнөтүп, же шылтап коюп отура бербестен, өзү тез-тез, экономикага, Бишкектеги социалдык абалга карап, ыкчамдуу чечип ала тургандай кылуу керек деген ойдомун. Ошондуктан тарифтерди бекитүү укугун тактап, мэрияга өткөрүп берүү маселесин карашыбыз абзел.
Азыр БШКнын тиешелүү комиссиялары бул маселени талкуулап баштадык. Буйруса жакын арада жаңы тарифтерди дагы бекитип, ошол эле учурда бул укукту толугу менен Мэрия өз алдынча чечим кабыл ала тургандай кылуу жолдорун табабыз деп ойлойм."