Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму өттү
- Подробности
- Опубликовано 21.12.2021 11:44
Бүгүн, 2021-жылдын 20-декабрында, Бишкек шаардык кенешинин спикери Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму болуп өттү.
Отурумдун башында жаңы депутат Таалайбек Усубалиевди тааныштырып, ага Бишкек шаардык кеңешинин Социал-демократтар фракциясынан депутаттык мандаты тапшырылды. Бишкек шаардык кеңештин VI сессиясынын жыйынына борбор калаанын мэри жана вице-мэрлери, шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери катышты. Сессиянын иш алкагында жалпысынан 6 маселе каралды.