Жаңылыктар
Токтосун Султанов «Оберег» реабилитациялык борборунун майрамдык иш-чарасына катышып, Бишкек шаардык кеӊешинин сыйлыктарын тапшырды
- Подробности
- Опубликовано 03.12.2021 20:57
2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов «Оберег» реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары жана мугалимдери тарабынан Кыргызстандагы майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу майрамдык иш-чарага катышты.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзгөчө камкордукка муктаж балдарды жана алардын ата-энелерин куттуктап, «Оберег» реабилитациялык борборунун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктары тапшырылды.
Токтосун Султанов куттуктоо сөзүнүн жүрүшүндө борбордун керектүү муктаждыктарын алууга көмөктөшөөрүн белгиледи.