Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Элизавета Алымбаева Бишкек шаарынын 8-, 9-, 10-кичи райондорунда жана "Ботаника" конушунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды куттуктады

Жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү Эл аралык майыптар күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу, алардын кадыр-баркын, укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого багытталган.

Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга дагы бир себеп. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Елизавета Алымбаева 8, 9, 10-кичи райондордо жана Ботаник конушунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугуп, зарыл болгон тамак-аш түрүндө жардам көрсөттү.

Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабастан, активдүү жашоо образын алып жүргөн, туруктуулуктун жана сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөткөндөргө таазим кылышыбыз керек. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусу борбордо жашаган шаардыктарга жана өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ар дайым өзгөчө көңүл буруп келет.

Эл аралык майыптар күнү биздин жашообуздун оор шарттарына ыңгайлашууга жардам берип, жаныбызда жашаган адамдар экенин эстен чыгарбоо үчүн дагы бир себеп, бул кадимки жарандык милдет.