Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «____»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын мэриясы
менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин ортосундагы кызматташуу
жөнүндө макулдашуунун долбоорун
жактыруу тууралуу
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуунун долбоору жактырылсын.
Бишкек шаарынын мэрине макулдашуунун долбооруна принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол тамга коюуга ыйгарым укук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоону камсыздасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздиме-маалымкат (docx. 20kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

