Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган жүргүнчү ташуучу автобустун 50 (элүү) бирдигин  Жалал-Абад шаарына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана меймандарын ташуу боюнча шаардын транспорттук көйгөйлөрүн чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 60589 тапшырмасынын негизинде, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү укугунда турган «Зонгтонг» маркасындагы жүргүнчү ташуучу 50 (элүү) автобусту Жалал-Абад шаарынын мэриясына акысыз өткөрүп берүүгө тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэринин транспорт жана курулуш маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы           


Кат (pdf.40 kb)
маалымкат-негиздеме (docx.18 kb)
юридикалык корутунду (docx. 16kb)
финансылык корутунду (docx. 42kb)