Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «___»___________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрбөстөн ижара укугун акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрбөстөн ижара укугун акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

Жер участогунун ижарасынын типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;

Жер участоктору үчүн ижара акысынын коюмдары 3-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                    К.К. Конгантиев                  

 

коштомо кат (docx. 15 kb)
маалымкат-негиздеме (docx.35 kb)
юридикалык корутунду (docx. 18 kb)