Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «___»_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участогун ижаралоонун типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери  боюнча орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы            

маалымкат-негиздеме (docx.23 kb)

юридикалык корутунду (docx. 16 kb)