Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «__» _____

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоорун жана 2025-2026-жылдарга болжолун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин 3-бөлүгүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоору кирешелер боюнча 19 711 968,4 миң сомго, чыгашалар боюнча 19 711 968,4 миң сомго макулдашылсын.

2. 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемелерге ылайык аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.К. Конгантиевге жана Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К.К. Конгантиев

 

маалымкат-негиздеме (docx. 27 kb)

түшүндүрмө кат (docx. 40 kb)

киреше (xlsx. 19 kb)

чыгаша (xlsx. 22 kb)