Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «___»______


БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө макулдук берүү тууралуу

Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо боюнча биргелешкен чараларды жүзөгө ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана
67-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Тиркелген Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзсүн;

- 2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов администрациялык райондору боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына каралган                 40 000,0 миң сом суммасындагы каражатты сервердик жабдууларды, видеобайкоо камераларын жана башка аппараттык орнотмолорду сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтсүн;

- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыздасын;

- Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу түйүндөрүн аныктасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

 

долбоорун макулдашуу (docx. 23 kb)

маалымкат-негиздеме (docx. 22 kb)

финансылык корутунду (pdf. 643 kb)

юридикалык корутунду (pdf. 626 kb)