Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «____» _________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди (бааларды) бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды  көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер (баалар) 1-тиркемеге ылайык;

- билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер (баалар) 2-тиркемеге ылайык;

- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер (баалар) 3-тиркемеге ылайык.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин экономика жана финансы маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы

 

 

маалымкат-негиздеме (doc.25 kb)

финансылык корутунду (doc. 31 kb)

юридикалык корутунду (doc. 18 kb)

Тариф 1 (pdf. 1361kb)

Тариф 2 (pdf. 1703kb)

Тариф 3 (pdf. 675kb)

Тариф 4 (pdf. 1169kb)

Тариф 5 (pdf. 1387kb)

Тариф 6 (pdf. 1189kb)