Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                             

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2023-ж. «___» ____________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тарыхый-мемориалдык көрүстөндү уюштуруу үчүн жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына пайдаланууга берилген жер участокторун мамлекеттик

менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11, 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2023-жылдын            25-апрелиндеги № 11/733 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Тарыхый-мемориалдык көрүстөндү уюштуруу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан жалпы аянты 22 га жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жалпы аянты 16,3615 га жер участокторун мамлекеттик менчикке өткөрүп берсин, алардын ичинен:

1) Бишкек шаары, Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы дарегинде жайгашкан аянты 10,878 га жер участогу;

2) Бишкек шаары,  Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы дарегинде жайгашкан аянты 1,6215 га жер участогу;

3) Бишкек шаары,  А. Токомбаев көчөсү дарегинде, № 12 кичи районунун каршысында жайгашкан аянты 2,713 га, жер участогу;

4) Бишкек шаары, Семетей көчөсү – Чыңгыз Айтматов проспектиси дарегинде жайгашкан аянты 0,47 га жер участогу;

5) Бишкек шаары, № 12 кичи району дарегинде, А. Токомбаев көчөсүнүн бою, Түштүк долбоорлоо аймагында жайгашкан аянты 0,68 га жер участогу.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                               

Токтом долбоору(docx.28 kb)

Негиздеме- маалым кат (docx.27kb)

Финансылык кортунду (docx.39kb)

Юридикалык кортунду (docx.19kb)