Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «__» ______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 451-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 «Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бекитилсин:
а) Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жобо 1- тиркемеге ылайык;
б) Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялардын (мындан ары - Комиссиялар) типтүү курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жеке курамын түзүү укугу берилсин.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-февралындагы
№ 85 «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык
кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
|
Типтүү жобого тиркеме (docx.17kb)
Негиздеме- маалым кат (docx.23kb)
Финансылык кортунду (docx.32kb)