Долбоор
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-2026-жылдарга карата Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортун жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү концепциясын жактыруу жөнүндө
2023-2026-жылдарга карата Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортун жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү концепциясын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-2026-жылдарга карата Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортун жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
-Концепцияны жетекчиликке алсын жана ишке ашырууну камсыздасын;
- өз актыларын Концепцияга ылайык келтирсин;
-Концепцияны ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл болгон укуктук актыларды кабыл алсын;
-Концепциянын иш-чараларын каржылоону тийиштүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын алкагында жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт жана курулуш маселелери боюнча орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К.Конгантиев
Токтомдун долбоору (docx.21 kb)
Юридикалык кортунду (docx.18 kb)
Финансылык кортунду (docx.39 kb)
Негиздеме-Маалым кат (docx.25 kb)