Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2023-жылдын «__» ________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 16 005 227,7 миӊ сом суммасында, чыгашалар боюнча 14 695 713,4 миӊ сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 1 309 514,3 миӊ сом суммасында бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К. Конгантиев
маалымкат-негиздеме (doc.34 kb)
финансылык корутунду (doc. 48 kb)
юридикалык корутунду (doc. 16 kb)
СВОД за 12 месяцев 2022 год (xlsx. 153 kb)
АСП исполнение старая форма за 2015-2021гг (xlsx. 593 kb)
Баланс доходов и расходов 2022 - 27.02.23 (xlsx. 229 kb)
Исполнение форма №1.1 за 2022 г. (xlsx. 457 kb)
Пояснительная записка 2022 (docx. 46kb)
Транферты из республики за 2022 (xlsx. 11 kb)
ФНР, превышение за 2022 год (xlsx. 16 kb)