Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«____» ________________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, муниципалдык менчик объекттеринин пайдаланылышын талаптагыдай контролдоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрин иликтөө үчүн жарандардын жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайттарына жайгаштыруу жолу менен белгиленген тартипте камсыздасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 28 «Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К.К. Конгантиев
Маалымкат-негиздеме (doc.20 kb)