Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР
Бишкек шаарынын мэриясы
2022-жылдын «__»_________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө

 

Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, «Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканаларынын зыянсыз, пайдалуу жана ишенимдүү иш-аракеттерин камсыздоо, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана көмүүгө карата төмөнкү тарифтер 2023-жылдын ___________ тартып бекитилсин:

- калк үчүн айына бир адамдан 41 сом өлчөмүндө, анын ичинде 13 сом катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүгө;

- менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб. м. үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом, анын ичинде 81 сом же 1 тоннасына 445 сом өлчөмүндө катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

- менчиктин түрүнө карабастан, КТК ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн 1 тоннасы үчүн 445 сом өлчөмүндө.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кредиттик макулдашуу менен каралган кредитти белгиленген тартипте камсыздасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 144  «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                   К.К. Конгантиев

 

Тиркеме (doc.19 kb)

маалымкат-негиздеме (doc.29 kb)

финансылык корутунду (doc. 15 kb)

юридикалык корутунду (doc. 21 kb)