Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун экинчи абзацындагы “электр генераторлорунан” деген сөздөрдөн кийин “электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларынан” деген сөздөр менен толукталсын;

 3-пункт төмөндөгүдөй мазмунда 9-абзац менен толукталсын:

“Азиз” (Көкчө тоо көчөсү Махатма Ганди бульварынан Караван көчөсүнө чейин, Караван көчөсү Көкчө тоо көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейин, Түлөбердиев көчөсү Караван көчөсүнөн Махатма Ганди бульварына чейин, Махатма Ганди бульвары Түлөбердиев көчөсүнөн Көкчө тоо көчөсүнө чейин);

    2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

    3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлктү жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
төрагасы                                                   

 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,
шааркуруу жана архитектура боюнча
туруктуу комиссиясынын мүчөсү                                    М. А. Калыков

 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,
шааркуруу жана архитектура боюнча
туруктуу комиссиясынын мүчөсү                                 Шаршенбай уулу Р.

 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,
шааркуруу жана архитектура боюнча
туруктуу комиссиясынын мүчөсү                                      Б. Б. Иманалиев

 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,
шааркуруу жана архитектура боюнча
​​​​​​​туруктуу комиссиясынын мүчөсү                                    Б. Б. Усеналиев

 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,
шааркуруу жана архитектура боюнча
​​​​​​​туруктуу комиссиясынын мүчөсү                                       А. Ж. Аширова

 

маалымкат-негиздеме (doc.23 kb)

салыштырма таблица (doc.23 kb)