Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

  Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын “_____” ____________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын  10-октябрындагы №625 токтому менен бекитилген Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын үй комитеттеринин аймактарынын чектери 1-18-тиркемелерге ылайык;

- Бишкек шаарынын кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектери 19-38-тиркемелерге ылайык.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 38 “Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                            К.К. Конгантиев

 

тиркеме (doc 1293 kb)

маалымкат-негиздеме (doc.18 kb)

юридикалык корутунду (doc. 16 Кб)

финансылык корутунду (doc. 16 Кб)