Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын “_____”__________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын
6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

         “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын  8-декабрындагы  № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун эске алып, ошондой эле Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациялык тармактарын жана курулмаларын өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) - токтомдун аталышындагы “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди” деген сөздөр “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдөрдү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- токтомдун преамбуласындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын                           10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине жана” деген сөздөр жана сандык маанилер алып салынсын;

         - 1-пункттун 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

         “2) Салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн азайтылган коэффициенти менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын тармактарына техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык”;

         - 5-пункттун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

         “Келишимде долбоорлонгон инженердик тармактарга объектини технологиялык кошуу үчүн этабы менен төлөө мүмкүнчүлүгү тараптардын макулдашуусу боюнча каралсын”;

         - 5-пункттун 6-пунктчасындагы “уруксат” деген сөз “технологиялык кошулууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 5-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

“7) финансылык институттар менен макулдашуу боюнча “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо” долбоорун ишке ашырууда үнөмдөлгөн каражаттарды (гранттык жана кредиттик) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тапшырыкчы болуп чыккан Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүү тармактарынын курулушуна багыттасын”;

- 7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге жалпы турак жай аянтынын (балкондору, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо) 20 чарчы метрден көп эмес ченемине  жана ысык суунун батир боюнча (үй боюнча) бир кишиге даярдалышын эсепке алуу менен бир киши тарабынан муздак суунун колдонулуш ченемине жараша жүргүзүлөт:

 - 225 л/суткасына – жеке турак үйлөр үчүн;

- 300 л/суткасына – 12 кабатка чейинки турак үйлөр үчүн;

- 400 л/суткасына – 12 кабат жана андан бийик турак үйлөр үчүн”;

- 7-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Турак үйдө долбоорлонгон турак эмес жайлар (турак үйдүн турак эмес жайлары, коммерциялык жана коммерциялык эмес түзүмдөр), ошондой эле жашоо үчүн пайдаланылбаган ар кандай функционалдык багыттагы өзүнчө турган объекттер үчүн суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн ченемдери курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жоболоруна жараша колдонулат”;

10-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, комуникациялар  жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, Бишкек шаарынын транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын турак-жай  коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

- токтом төмөндөгүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

“Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш  күндөн кийин күчүнө кирет”;

         2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         1- пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына жана кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүү, ошондой эле курулуп бүткөн пайдаланууга киргизилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты”;

- 4-пунктун алтынчы абзацынан кийин төмөнкү сөздөр коюлсун:

“турак жайдын жалпы аянты – балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана террасаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы”;

- 13-пунктта “бекитилген тарифтерге ылайык” деген сөздөр “белгиленген өлчөмдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- IV бөлүмдүн аталышындагы “кошулуу үчүн уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төлөмдүн өлчөмүнө ылайык, акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн наркты эсептөө ушул Жобонун VI бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт”;

- 16-пунктта “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” сөздөрү менен алмаштырылсын;

- 17-пунктта:

биринчи абзацтагы “- кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“г)” пунктчасында “кошулууга уруксаттын жалпы наркы” деген сөздөр “технологиялык кошулуунун жалпы наркы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 18-пунктта;

биринчи сүйлөмдөгү “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи сүйлөмдөгү “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-19-пунктта “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-пунктта:

биринчи абзацтагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“Келишимде куруучунун арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча төлөмдөр үч этапка бөлүнүп жүргүзүлөт:

- баштапкы төлөм төлөөгө коюлган сумманын 30 % (пайызынан) кем эмесин түзүшү керек, ал тапшырыкчы тарабынан техникалык шарттарды алган учурда  төлөнөт;

- 40% өлчөмүндөгү экинчи төлөмдү куруучу объектини куруп жаткан мезгилде суу түтүк жана канализация тармактарына убактылуу кошууну жол-жоболоштурганга чейин төлөшү керек;

- 30% өлчөмүндөгү үчүнчү төлөм – ылайык  келүү актысын жол-жоболоштуруу жана объектини эксплуатацияга берүү үчүн суу түтүк жана канализациянын курулган тармактарына маалым кат-тастыктамасын жол-жоболоштурууда төлөнөт.

Экинчи жана үчүнчү төлөмдөр тапшырыкчынын арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча ай сайын белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.

Келишимде төлөмдөрдүн мөөнөттөрү бузулган учуда, карызды толук жапканга чейин, объект суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү тармактарынан өчүрүлөт деп көрсөтүлгөн.

20-пункттун экинчи абзацы жетинчи абзац деп эсептелсин;

- 21-пунктта:

“толук көлөмдө” деген сөздөр “келишимге ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Акыркы төлөмдүн төлөө мөөнөтү бузулган учурда Бишкексууканал мурда берилген техникалык шарттарды чакыртып алат жана белгиленген тартипте келишимди бузат.

Долбоорлоо, курулуш процессинде же объектти эксплуатацияга берүүдө  суу менен жабдуу жана/же суу бөлүштүрүү боюнча жүктөмдөрдүн айырмачылыктары табылган учурда, ошондой эле келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн чакыртып алынган техникалык шарттарды экинчи жолу берүүдө Бишкексууканал Бишкекбашкыархитектуранын   суроо-талабы боюнча жаңы техникалык шарттарды жол-жоболоштурат жана ушул токтом менен белгиленген тартипте келишимдин тийиштүү долбоорун даярдайт. Технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн эсеби жана төлөмдөр мурда жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт”;

- 24-пункттун экинчи абзацындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 25-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Түштүк зонанын аймагынын чектериндеги калкты ичүүчү суу менен жабдуу үчүн жергиликтүү суутоптомолорду бургуулоого жана курууга тыюу салынат.

Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүүсүнүн борборлоштурулган тутумуна объекттерди технологиялык кошуу канализациянын борборлоштурулган тутумуна агынды сууларды агызган шартта гана жүргүзүлөт. Жергиликтүү тазалоо курулмаларын жана чуңкурларды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат.

Шаардын суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү тутумдарына объекттин курулган суу түтүк жана канализация тармактарын, курулмаларын кошууну Бишкексууканалдын өкүлүнүн техникалык байкоосунун астында же Бишкексууканал менен келишим боюнча тапшырыкчы (курулуш уюму, куруучу)  аткарат”;

- 26-пунктта:

биринчи абзац “арыз ээси” деген сөздөрдөн кийин “туруктуу негизде” деген сөздөр  менен толукталсын”;

 б) пунктчасында “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) пунктчасында  “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пункт алып салынсын;

- VI бөлүмдүн аталышындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 29-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“29. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн эсеби Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төлөмдүн өлчөмүнө ылайык, төмөнкү формула боюнча Бишкексууканал тарабынан жүргүзүлөт:

С = П х М, мында:

С – инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн куруучу тарабынан төлөнө турган сумма (сом), келишимдин колдонуу мөөнөтүнө, ошондой эле этап боюнча төлөөдө бекитилген болуп эсептелет.

П – инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген суралган кубаттуулуктун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмү (суткасына 1м3 үчүн сом);

М – суу менен жабдуу (суу түтүк) жана сууну бөлүштүрүү (канализация) (м3/суткасына) боюнча суралган жүктөмдүн кубаттуулугу.

3) жогоруда аталган токтомдогу 2-тиркемеде:

- тиркеменин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализация тармактарына техникалык шарттарды берүү үчүн төлөм (*) жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошуу үчүн төлөмдүн өлчөмү (*)”;

- 1) пункттагы “берүү үчүн” деген сөздөр “берүү үчүн төмөнкү төлөм белгиленсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын:

- 1) пункттагы таблицанын үчүнчү тилкесинин биринчи сабындагы “Тариф” деген сөз “Төлөм” деген сөзгө алмаштырылсын.

- 2) пунктта:

“кошуу үчүн уруксатка” деген сөздөр “технологиялык кошулуу үчүн төмөнкү төлөмдүн өлчөмү белгиленсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

таблицанын төртүнчү тилкесинин биринчи сабындагы “Тариф” деген сөз “Төлөмдүн өлчөмү” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Мурда берилген техникалык шарттар боюнча жүктөмдөр өзгөртүлгөн учурда технологиялык кошулуу үчүн төлөмдү кайра эсептөө жана тийиштүү келишимди түзүү менен белгиленген тартипте жаңы техникалык шарттар берилет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токотом расмий жаряланган күндөн тартып он беш  күндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, Бишкек шаарынын транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрине  жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаарынын вице-мэри                                               Б.А. Абдиев

Бишкек шаарынын вице-мэри                                           О.В. Попиков

 

маалымкат-негиздеме (doc. 44 kb)

юридикалык корутунду (doc. 20 Кб)

салыштырма таблицасы (doc.38 kb)