Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө» 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» 

1. Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө» токтомунун киришмесиндеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын. ".         

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин киришмесиндеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2) 1-пункттагы:

г), д), е), л) пунктчалары алып салынсын.

Төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

«17) оперативдүү-чарбалык иш - жетекчилердин, кызматкерлердин уюмга жүктөлгөн функцияларды, милдеттерди жана кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн иши;

18) депутаттык маселе – тиги же бул маселе боюнча маалымат же түшүндүрмө алуу үчүн шаардык кеңешинин сессиясында көтөрүлө турган депутаттын сунушу. Депутаттык маселе стенограммага ылайык белгиленген тартипте аны киргизген шаардык кеңештин депутатынын кол коюусу менен Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт”.

 

3) 2-пункт "Бишкек шаардык кеңеши" деген сөздөн кийин "мындан ары - шаардык кеңеш" деген сөздөр менен толукталсын.

 

4) 3-пункт "Кыргыз Республикасы" деген сөздөн кийин "мындан ары - КР" деген сөздөр менен толукталсын.

 

5) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Депутаттык каникул мезгилинде кезексиз сессияларды, ошондой эле кезексиз сессияларда карала турган маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын отурумдарын  өткөрүүгө жол берилет».

 

6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«8. Шаардык кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик кызматта же башка муниципалдык кызматта боло албайт.».

 

7) 12-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештерди шайлоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталгандан кийин эки жумадан кечиктирилбестен мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.».

 

8) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"16. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.

Көрсөтүү жөнүндө негиздүү чечими бар фракциялар шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.

Шаардык кеңештин фракциялары сессияда төрагалык кылуучуга шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтүүнү киргизишет. Сессияда төрагалык кылуучу көрсөтүү кезеги боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны угуза айтат.

Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер өзүнүн талапкерлиги жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилгенге чейин баш тарта алат. Өзүн-өзү алып салуу добуш берүүсүз кабыл алынат.

Эгерде шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо экиден ашык талапкер катышып, алардын бири дагы добуштардын тийиштүү санын ала албаса, эң көп добуш алган эки талапкердин арасында шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын тийиштүү санын ала албаса, ошол эле тартипте жаңыдан көрсөтүү жана кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүү бюллетенине киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан тийиштүү көпчүлүк добушун ала албаган депутаттар кайра көрсөтүүгө жол берилбейт.

         Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош кызмат орду түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде (мындан ары-10 күн) фракциялар тарабынан ушул регламентте белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүлөт.».

         9) 25-пункттагы:

ж) пунктчасындагы "(депутаттарга)" деген сөздөр жана белгилер "жана депутаттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын: "18) орун басарларынын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт."

 

10) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен  шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.

 

11) 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«27. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын добуштарынан тийиштүү санын ала алышпаса, жаңыдан талкуу жана добуш берүү өткөрүлө турган, жаңы талапкерлерди көрсөтүү жүргүзүлөт.

 

12) 30-пункттагы:

1-абзацтагы "орун басары" деген сөз "орун басарлары" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «шаардык кеңештин төрагасы жок учурда анын иш-милдеттерин аткарышат»;

д) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «төрага жок болгондо шаардык кеңештин сессиясын алып барышат».

 

13) 33-пункт "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздүн алдына “өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда” деген сөздөр менен толукталсын, "орун басары" деген сөздөр"орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

14) 36-пункттагы:

"убактылуу" деген сөздүн алдына "жана" деген сөз менен толукталсын;

"жана жумушчу" деген сөздөр алып салынсын;

"тапшырма" деген сөз "чечим" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

15) 40-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

“Саны бардык туруктуу комиссияларда мучөлүгүн камсыздоого мүмкүндүк бербеген фракциянын депутаттары өздөрүнүн фракциясынын сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки туруктуу комиссияда боло алышат. Мында туруктуу комиссиянын курамындагы бул фракциянын мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш укугу бар бир мүчөдөн ашпоого тийиш.”.

 

16) 41-пункттагы "жана жумушчу" деген сөздөр алып салынсын.

 

17) төмөнкүдөй мазмундагы 44-1-пункт менен толукталсын:

“44-1 Айрым маселелерди талдоо үчүн шаардык кеңеш убактылуу комиссия түзүшү мүмкүн. Убактылуу комиссия түзүүдө анын курамына шаардык кеңешинин каалаган депутаты кире алат.

Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө негизделген (максаттары, милдеттери, маселелердин чөйрөсү) сунушту фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар киргизиши мүмкүн. Ал президиумда каралбайт.

Убактылуу комиссиянын курамы шаардык кеңешинин сессиясында, шаардык кеңештеги фракциялардын пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен жана төраганын сунушу боюнча түзүлөт. Зарыл болгон учурларда комиссиялардын курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле адистер, эксперттер жана окумуштуулар кириши мүмкүн.

Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү, ал түзүлгөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Зарыл болгон учурларда комиссиянын иштөө мөөнөтү 15 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.

Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат каттар, таблицалар жана башка материалдар даярдалуат. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар тийиштүү туруктуу комиссияга жөнөтүлөт.”

 

18) 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:\

«9) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;

10) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, ошондой эле туруктуу комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

11) ушул регламент тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзөт жана баа берет;

12) шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңешке отчет берүүчү же контролдо болуучу органдын же кызмат адамдын отчетун же маалыматын угуу боюнча, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин, анын аймагында иштөөчү башка органдардын жана кызмат адамдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизет.”.

 

19) төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толукталсын:

«47-1. Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын жана башка чечимдерди монторинг жүргүзүү жана баалоо  алардын аракетинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды жаңы кабыл алынган, андан да жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга прокурордук чара көрүү актыларынын чыгуусун алдын алуу, ошондой эле сот органдары тарабынан ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес, күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.

47-2. Мониторингдин принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

мониторингдин айкындуулугу жана объективдүүлүгү;

тутумдуулугу;

ачыктыгы;

ченемдик укуктук актыларды талдоонун ар тараптуулугу;

мониторинг жүргүзүүдө колдонулуучу маалыматтын актуалдуулугу жана аныктыгы;

тыянактардын аргументтүүлүгү.

47-3. Мониторинг төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

ченемдик укуктук актыны талдоо;

ченемдик укуктук актынын колдонулушу тууралуу укук колдонуу жана сот практикасынын маалыматтарын аналитикалык жалпылоо.

47-4. Мониторингди жүзөгө ашырууда төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасы жөнүндө маалымат жалпыланат жана талданат:

адамдын жана жарандын кепилденген укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын сактоо;

ченемдик укуктук актылардын болуусу,  эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар тарабынан каралган каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун (чыгаруунун) зарылчылыгы;

ченемдик укуктук актыда коррупциялык факторлордун болуусу;

укуктук жөнгө салуунун толуктугу

укук ченемдеринин коллизияларынын болуусу;

юридикалык- техникалык мүнөздөгү каталардын болуусу;

ченемдик укуктук актыны колдонуу менен байланышкан, анын ичинде ченемдик укуктук актынын жоболорунун маанисин бурмалоо жана аны колдонуунун бирдейлигин бузуулары менен укуктук жөнгө салуудагы коллизиялары жана боштуктары бар кайрылуулардын саны жана мазмуну.

47-5. Анын компетенциясына кирбеген карама-каршы келген, эскирген, коррупциялык, декларативдик жана натыйжасыз ишке ашырылып жаткан укук ченемдери табылган учурда шаардык кеңештин тийиштүү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.».

 

20) 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдүү-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок».

 

21) 49-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Туруктуу комиссиялар каралуучу маселелерди даярдоо үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан, адистерден, эксперттерден жана окумуштуулардан маалымат сурай алат. Ошондой эле, контролду камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү кызматтарга суроо-талаптар жөнөтүлөт.”.

 

22) 53-пункт расмий тилдеги текстте "төрагасы" деген сөздүн алдына "комиссиянын" деген сөз менен толукталсын.

 

23) 68-пункт:

в) пунктчасындагы "жана отчетторун" деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«9) шаардык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларынын датасын которуу жөнүндө».

24) 69-пункттун экинчи абзацындагы "орун басары" деген сөздөр "орун басарларынын бири" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

25) 80-пунктта:

а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«1) Алар боюнча саясий позицияны аныктоо үчүн сессияда карала турган маселелер алдын ала каралат. Кароонун жыйынтыктары боюнча фракция фракция мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алат.

Саясий позициялар төмөнкүнү билдирет:

шаардык кеңештин төрагасынын жана шаардык кеңешинин орун басарларынын талапкерлигин көрсөтүү;

шаардык бюджетти кароо»;

 

и, к - пунктчалары алып салынсын;

л) пунктчасындагы "жумушчу" деген сөз "убактылуу" деген сөз менен алмаштырылсын;

м) пунктчасы "боюнча" деген сөздөн кийин "депутаттык" деген сөз менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«15) шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүүчү же шаардык кеңеш контролдоочу органдын же кызмат адамынын, ошондой эле анын аймагында иштеп жаткан башка органдардын жана кызмат адамдардын шаардык кеңештин компетенциясына кирүүчү башка маселелер боюнча отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизет».

 

26) 81, 82, 83, 84-пункттар алып салынсын.

 

27) 91-пункттагы "жетекчиси" деген сөз "лидери" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

28) 106-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"106. Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтом кабыл алат:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

2) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү;

3) кеңештин регламентин кабыл алуу;

4) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматтарды угуу;

5) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;

6) туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

7) туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана орун басарларын бекитүү жана кызматтан бошотуу»;

8) мыйзам тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

9) Бишкек шаарынын мэриясынын иши, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, юридикалык консультацияларды берүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары жөнүндө Бишкек шаарынын мэринин отчетун угуу;

10) шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү;

11) вице-мэрдин же мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу;

12) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;

13) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин, администрациялык бирдиктердин аталышын жана алардын башкаруу органдары күтүүнү бекитүү;

14) шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;

15) жарым жылда бир жолу бюджеттин аткарылышынын, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жана отчетту угуу;

16) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;

17) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда алар үчүн ставкаларды, анын ичинде шаардык жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген салыктын негизги ставкаларынын чегинде дифференцияланган салык ставкасын белгилөө.

18) жергиликтүү бюджеттик валютаны жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;

19) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү, муниципалдык менчикти пайдалануу үчүн контролду жүзөгө ашыруу;

20) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соодалоо, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

21) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана жаюу эрежелерин бекитүү;

22) жергиликтүү өз алдынча башккаруунун ата мекендик жана чет өлкөлүк органдары менен кызматташуусу жөнүндө;

23) муниципалдык саламаттык сактоо системасынын, мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;

24) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый-маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;

25) айлана-чөйрөнү коргоо жана шаардын аймагында санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;

26) социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык объекттерди куруу;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалангандыгы, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;

28) лифттерди жана лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө жана тейлөөгө тарифтерди бекитүү;

29) ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторун күтүүнүн тартибин белгилөө;

30) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

31) калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана преференциялык саясатты аныктоо;

32) Бишкек шаарынын аймагына резидент эмес автотранспорт каражаттарынын кирүүсүн уюштуруу жана таксомоторлордун, жүк ташуулардын жана атайын транспорт каражаттарынын ишин жөнгө салуу;

33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;

34) өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;

35) Бишкек шаарынын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;

36) борбордун өзүнө жүктөлгөн функцияларын эске алуу менен Бишкек шаарынын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

37) шаар куруу маселелерин, ошондой эле шаардын аймагында архитектура, курулуш, реконструкциялоо, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;

38) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти коргоодо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда көмөк көрсөтүү;

39) мэрлердин орун басарларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын жетекчилеринин, шаардын жашоосун камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын жана отчетторун угуу;

40) бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылбагандыгынан улам Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди кароо;

 41) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысына жана жерине тыюу салууга чейинки чектөөлөрдү белгилөө;

42) сөөк коюу кызматтарын жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбеген жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү.

 

291) 117-пункттун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын сөз сүйлөө убактысы чектелбейт».

32) 121-пункттагы "орун басары" деген сөз "орун басарларынын бири" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

33) 122-пункттун д) пунктчасындагы "сөгүш" деген сөз "эскертүү" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

34) 123-пункттун в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3) сессияда депутаттардын укуктарынын  жана сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын кылууга;

4) сөз сүйлөө убакытты сактоосун, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөөчүгө өз убагында эскертүүнү камсыздоого;

 

35) 127-пункттун 3, 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кезексиз сессияга киргизилүүчү маселелер шаардык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссияларында алдын ала кароосуз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген ченемдерди сактоосуз каралышы мүмкүн эмес».

36) 135-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"135. Арыздар, билдирүүлөр жана кайрылуулар күн тартибинин «Ар түрдүү маселелер»  бөлүмүнүн алкагында каралат.”

“Ар түрдүү маселелер” бөлүмүнө киргизилген ар бир маселеге 30 мүнөттөн көп эмес убакыт бөлүнөт.

Карап чыгуунун демилгечиси жок болгон учурда, маселе шаардык кеңештин сессиясынын кароосунан алынып салынат.”.

 

37) 137-пункттагы:

г) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4) каралып жаткан маселе боюнча талкууну токтотуу жөнүндө;"

төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

        «11) добуш берүү жөнүндө

          12) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө

          13) кворумду белгилөө жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;

          14) жыйынды жалпысынан же кээ бир маселелер боюнча жабык өткөрүү жөнүндө;

15) кайталап добуш берүү жөнүндө.».

 

38) 138-пункт алып салынсын.

39) 203-пункттагы "Шаардык финансы башкармалыгы" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

40) 232-пункттагы:

"кабыл алынган токтомду" деген сөздөр "кабыл алынган токтомдорду, шаардык кеңешинин тескемелерди (актыларды)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Бардык комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан кол коюла турган туруктуу же убактылуу комиссиялар тарабынан даярдалган маалыматтардан, маалым каттардан жана башка документтерден тышкары, шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган бардык актылар, анын ичинде бул актылардын тиркемелери шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат,.».

 

41) 236-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«236. Шаардык кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте расмий жарыяланууга тийиш.».

 

42) 16-1, 16-2-главалар жана тийиштүү 239-1, 239-2, 239-3-пункттар алып салынсын.

 

43) 240-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

«Шаар бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолунун, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты коргоо программасынын, Бишкек шаарынын жашоо-турмушунун негизги багыттарын аныктоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына лайык түзүлөт”.

 

44) төмөнкүдөй мазмундагы 243-1, 243-2-пункттар менен толукталсын:

«243-1. Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге шаардык бюджеттин долбоорун кезектеги бюджеттин алдындагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен шаардык кеңештин кароосуна киргизет.

243-2. Шаардык бюджет жөнүндө токтом долбоору шаардык кеңеш тарабынан бир сессиянын ичинде толук талкуулоо тартибинде каралат.

 

45) 251-1-пункттун 2-пунктундагы "үч күн" деген сөздөр "10 жумушчу күн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

266-пункттун 1-пунктундагы "анын орун басары" деген сөздөр "анын орун басарларынын бири" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

46) 277-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"277. Шаардын бюджетин, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, калкты социалдык жактан коргоону жана Бишкек шаарынын мэринин компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгы үчүн анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө сунуш киргизилиши мүмкүн.

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.”.

 

47) 277-1-пункт алып салынсын.

 

48) 277-2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«277-2. Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча сунуштар шаардык кеңештин фракциялары жана туруктуу комиссиялары тарабынан киргизилиши мүмкүн.

Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добуш менен кабыл алынат.

Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт”.

 

49) 281-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

281. Контролдук иш төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:

шаардык кеңештин сессиясында маалыматты жана отчетторду угуу;

фракциялык суроо-талаптарды багыттоо.

 

         50) 299-пункттагы "Муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөр "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

51) 301-1, 301-2-пункттар алып салынсын.

 

52) 304-пункттун 1-пунктундагы "регламент жана укук маселелери боюнча" деген сөздөр "регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

53) 305-пункттун 2-пунктундагы "регламент жана укук маселелери боюнча" деген сөздөр "регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

54) 306-пункттагы:

 в) пунктча - алып салынсын;

г) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «сессия аяктаганга чейин сөз берүү укугунан ажыратуу.».

 

55) Регламенттин бардык тексти боюнча:

пунктчалардын тамгалык белгилери цифралык белгилерге алмаштырылсын;

"мыйзамдар" деген сөздүн алдына "КР" деген аббревиатура менен толукталсын;

"шаардык кеңеш" деген сөздүн алдында "Бишкек" деген сөз алынып салынсын;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

(туруктуу комиссиянын орун басары жана фракциянын лидери тууралуу сөз болгон пункттардан тышкары) "орун басары" деген сөз көптүк санда тийиштүү жөндөмөлөрдө берилсин;

"төрагасы" деген сөздөн алдына "шаардык кеңештин" деген сөздөр менен толукталсын;

бардык текст боюнча "вице-мэр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "мэрдин орун басары" деген сөз менен  алмаштырылсын;

"комиссиялардын" деген сөздүн алдына тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "туруктуу" деген сөз менен (убактылуу комиссиялар тууралуу сөз болгон пункттардан тышкары) толукталсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (doc. 16 kb)

салыштырма таблицасы (doc. 55 kb)