Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                                                Долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин “Сыйлыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Бишкек шаарынын сыйлыктар боюнча комиссиясынын ишин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» жобо мамлекеттик тилде бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун киришмесинде:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы" деген сөздөр алып салынсын.

б) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун текстин жол-жоболоштуруу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык келтирилсин;

 Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 29-пункту “фракция лидерлерин” деген сөздөн кийин “(жүйөөлүү себептер менен лидерлер жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуучу укук ченемдүү)” деген сөздөр менен толукталсын».

 

3. Ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобо мамлекеттик тилде бекитилсин.

4.  Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 «Жаңы редакциядагы Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун аталышындагы "жаңы редакциядагы" деген сөздөр алып салынсын;

б) жогороду көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жобонун текстин жол-жоболоштуруу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык келтирилсин;

1-пункттун 5-абзацы «сессияда бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесине автоматтык түрдө киргизилет» деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары бир талапкерден, ошондой эле уюмдарга, коомдук бирикмелерге жана айрым граждандарга өтүнүч катары киргизиши мүмкүн.»;

5-пунктта:

"Сунуш" деген сөз "Өтүнүч" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкү абзацтар менен толукталсын:

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатына сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген формадагы сыйлоо барагы;

кадрдык эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же алуучунун таржымалы;

Бишкек шаарынын сыйлыктары, мамлекеттик сыйлыктары жана Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бар экендигин тастыктаган күбөлүк же башка тастыктоо:

сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү.»;

8-пункттагы "эки айдан кийин" деген сөздөр "бир айдан кеч эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-пункттагы "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздөр алып салынсын;

10-пунктагы “7 талапкер” деген сөздөр “8 талапкер” (үч чакырылыштан кем эмес катары менен шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул санга кирбейт)" деген сөздөр менен толукталсын.

12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин «12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү коомчулуктун сыйлыктарынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон адамга ыйгарылат».

 

5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

салыштырма таблицасы (doc. 22 kb)

маалымкат-негиздеме (doc. 17 kb)