Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Муниципалдык менчик, жер маселелер,

шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу

комиссия тарабынан иштелип чыккан долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”токтому:
  • 2-пунктун 2-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
  • 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
  1. Жогорудагы токтом менен бекитилген “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободо”:
  • 3-пунктта:

6-абзацтагы “курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде” деген сөздөр алып салынсын;

17-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;

21-абзацтагы “мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

  • 21-пунктун 2-абзацтагы “Бишкек шаарынын мэриясынын,” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңешинин (ар бир фракциядан бирден депутат),” деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 63-пункттагы “жана ошол бюджеттен 10 пайыз ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине” деген сөздөр алып салынсын;
  • 64-пункт алып салынсын;

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 19 Кб)

- салыштырма таблица (doc. 24 Кб)