Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу

жана архитектура боюнча туруктуу комиссия

тарабынан иштелип чыккан долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы№141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому:
  • 1-пункт 5-абзац менен төмөнкү мазмунда толукталсын;

“4-тиркемеге ылайык, жер участоктору үчүн ижара акысынын коюмдары”;

  • 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
  • 3-пункт 2-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы№ 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жободо:
  • 4-пунктта:

9-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринин жана” деген сөздөр алып салынсын;

23-абзац алып салынсын;

29-абзацтагы “жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;

34-абзацтагы “мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 10-пункттун 2-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелерине,” деген сөздөр алып салынсын;

- 11-пункттагы “куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

- 10-пункттагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пункттагы 2-кичи пункту “, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине шайкеш келүүсү” деген сөздөр алып салынсын;

- 20-пункттагы “, ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине түшкөн каражаттардын” деген сөздөр “арыз ээсинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 26-пункттагы 2-абзацтагы “Бишкек шаарынын мэриясынын” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңешинин (ар бир фракциядан бирден депутат)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 72-пункттагы 2-абзацтагы төмөнкү мазмунда толукталсын:

“Ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

Аб = П х С, мында:

АБ-базалык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);

П-жер участогунун аянты чарчы метр;

С-чарчы метр үчүн ижара акысынын ставкасы (4-тиркеме).”;

- 76-пункттагы “жана ошол бюджеттен 10 пайызы ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине” деген сөздөр алып салынсын;

  • 77-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 19 Кб)

- салыштырма таблица (doc. 24 Кб)

- ижара акысынын коюму (xlxs. 16 Кб)