Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу

жана архитектура боюнча туруктуу комиссия

тарабынан иштелип чыккан долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы№ 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • 2-пункттун 2-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
  • 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө” жободо:
  • 4-пунктта:

8-абзацтагы “курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде” деген сөздөр алып салынсын;

29-абзацтагы “жана курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине,” деген сөздөр алып салынсын;

33-абзацтагы “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

38-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункттун 22-абзацтагы “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “аймактык орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункт:

а) кичи пупктундагы “жана өтүү жолдорун” деген сөздөр “жана өтүү жолдорун, тосмолор жана бастырмаларды” деген сөздөргө алмаштырылсын;

6, 7, 8, 9, 10-абзацтар алып салынсын;

- 6-пункттагы 2-абзацы төмөнкү мазмунда толукталсын:

“Курулуш объектисине жанаша жайгашкан жер участогу шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана милдеттүү кошумча көрктөндүрүү зонасы болуп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык).”;

- 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“7. Үй алдындагы жер участокту тариздебестен жана турак жана турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун алуусуз көп батирлүү турак үйдөрдө кирүүчү тобун же кошумча курулма куруу үчүн жер участокту берүүгө жол берилбейт.”;

- 11-пункттагы 2-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

- 12-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

- 20-пункт:

12-абзацтагы “ылайык келиши, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

21-абзацтагы “2 жыл” деген сөздөр “3 жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 27-пункттагы 2-абзацтагы “Бишкек шаарынын мэриясынын” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңешинин (ар бир фракциядан бирден депутат)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 36-пункттагы 2-абзацтагы төмөнкү мазмунда толукталсын:

“Ижара төлөмдөрүн эсептөө Бишкек шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт.”;

  • 42-пункттагы төмөнкү мазмунда баяндалсын:

“42. Жер участокторуна пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүдөн түшкөн акча каражаттары шаардык бюджетке түшөт.”;

  • 43-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Тиркемелер:

- салыштырма таблица (doc. 28 Кб)

- маалымкат-негиздеме (doc. 19 Кб)