Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын « 18 » апрель

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Стратегияны ишке ашырууну камсыздасын;

- жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.К. Конгантиевге жана Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                 К.К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 29 Кб)

- финансылык корутунду (doc. 30 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 30 Кб)