Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР 2021-ж. 29-ноябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна, Бишкек шаардык кенешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а)   "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобонун 7-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп  Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу органды тейлеген вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына Бишкек  шаарынын  административдик райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.”;

б) “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун 6-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп  Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу органды тейлеген вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына Бишкек  шаарынын  административдик райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.”.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №289 “Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жобонун 2-пункту төмөнкү мазмундагы  абзац менен толукталсын: “Комиссиянын төрагасы болуп  Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу органды тейлеген вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына Бишкек  шаарынын  административдик райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.”;

б) Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жобонун 2-пункту төмөнкү мазмундагы  абзац менен толукталсын: “Комиссиянын төрагасы болуп  Бишкек шаарында жер участокторго укуктарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу органды тейлеген вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына Бишкек  шаарынын  административдик райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.”;

3.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                          К. К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 17 Кб)

- салыштырма-таблицасы (doc. 15 Кб)