Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2021-жылдын «21» октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
  • акы төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) 1-тиркемеге ылайык;
  • муниципалдык жана жеке менчик объекттерге укуктарды берүү жана аныктоо чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) 2-тиркемеге ылайык;
  • билим берүү жана маданият чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) 3-тиркемеге ылайык;
  • дене тарбия жана спорт  чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) 4-тиркемеге ылайык.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын экономика жана финансы маселелери  боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы    

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 25 Кб)     

- юридикалык корутунду (doc. 18 Кб)