Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«08» сентябрь 2021-ж.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы  26 «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган зарыл болгон иш-чаралардын комплексин жүргүзсүн.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындаг № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Т.К. Сурапбаев) жана Бишкек шаарынын мэри А.Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 20 Кб)

- финансылык корутунду (doc. 70 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 23 Кб)