Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

     Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесине,  Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи  орун басары А.Дж. Джунушалиевдин 2021-жылдын 25-июнундагы № 14-1851 өтүнүч катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында  курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик  сыйлыгы менен  курман болгондон кийин сыйланган прапорщик Б.Д. Юлдашевдин Бишкек шаарында каттоосу жок жубайы  Гулхаё Жамалдиновна Кодировага Бишкек шаары, Москва көчөсү, үй №191, батир №161 дарегинде жайгашкан, индентификациялык  коду 1-01-13-0013-0628-01-161   муниципалдык  турак жай   акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен  менчикке берилсин.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн  муниципалдык  турак жайды акысыз негизде  менчикке өткөрүп берүү келишимин  түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин  муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын  экономика жана финансы  маселелерин жетектеген вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин тѳрагасы 

Тиркемелер:

- маалымкат негиздеме (doc. 17 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 15 Кб)