Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 12.07.2021

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу тутумун өркүндөтүү, шаардыктарды тейлөө сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-аракеттерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, ишканалардын жетекчилеринин Бишкек шаарында транспорттук тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы №264 «Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат негиздеме (doc. 18 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 105 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 17 Кб)