Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 13.07.2021

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

         Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 39 44-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесине,  Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи  орун басары А.Дж. Джунушалиевдин 2021-жылдын 25-июнундагы № 14-1851 өтүнүч катын эске алып, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө”  токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

         - 1-пункт  төмөнкү мазмундагы  абзац менен толукталсын:

“2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында  курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик  сыйлыгы менен  курман болгондон кийин сыйланган прапорщиктин Бишкек шаарында  каттоосу жок жесири”.

2.  Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңешинин  муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын  экономика жана финансы  маселелерин жетектеген вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат негиздеме (doc. 18 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 15 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 16 Кб)