Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2021-жылдын  “05” июль

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

“Ново-Павловка”, 100 га” конушунун аймактык тиешелүүлүгүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы №139 “Бишкек шаарынын конуштарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • 1- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
  • 1. Бишкек шаарынын: Ленин районунун “Арча-Бешик”, “Ново-Павловка”, 100 га” конуштарында; Октябрь районунун “Мехлесхоз”; “Туңгуч”, сейсмикалык курулуш институтунун аймагындагы конуштарда; Биринчи май районунун  “Мурас-Ордо” ("Пригородный", 145 га), “Аска-Таш” жана “Керемет”, “Балбан-Таймаш” (9,3 га жана 3,41 га) конуштарында; Свердлов районунун “Ак-Тилек-2”, “Красный строитель”, “Кайыңды”, “Чалбай”, “Учкун” конуштарында, Суворов көчөсү - Чоң Чүй каналы чектеринде жаңы түзүлгөн көчөлөргө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-тиркемелерге ылайык аталыштар ыйгарылсын;
  • жогоруда көрсөтүлгөн токтомго 5-тиркемеде “Биринчи май району” деген сөздөр “Ленин району” деген сөздөргө алмаштырылсын.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шааркуруу, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                        Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 21 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 17 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 14 Кб)