Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 2021-ж. 03-май

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 264 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 7-пунктуна ылайык, жүргүнчү транспортунун туруктуу иштешин, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо, муниципалдык жүргүнчү транспорту ишканасынын экономикалык абалын жакшыртуу, шаардык каттамдар боюнча ташууга карата тарифтерди жөнгө салуу, жарандардын айрым категорияларына шаардын жүргүнчү транспортунда акысыз жол жүрүүнү камсыздоо максатында Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 122 “Кичи автобус каттамдарында жашы боюнча Бишкек шаарынын пенсионерлерине жеңилдетилген жүрүүлөрдү берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“1. 2021-жылдын “___”_______ тартып акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар, ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн, сүрөтү чапталган персонификациялаштырылган транспорттук картасы болгон учурда жаш курагы боюнча пенсионерлер үчүн күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейинки мезгилде Бишкек шаары боюнча кичи автобустарда жол жүрүүгө карата 8 сом өлчөмүндө тариф   бекитилсин.”;

  • 2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“2. Бишкек шаарынын мэриясы акысыз же жеңилдетилген жол жүрүүгө карата персонификациялаштырылган транспорттук карталарды берүү ордун аныктасын.”.

2.   Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 “Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     1-пунктундагы “2012-жылдын 1-майынан тартып” деген сөздөр жана цифралар “2021-жылдын “___”________” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

-     жогоруда көрсөтүлгөн токтомго тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

3.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык мүлк маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн. 

5.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы     Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Токтом долбооруна тиркеме (doc. 16 Кб)

- маалымкат-негиздеме (doc. 18 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 29 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 16 Кб)