Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2021-жылдын «26» апрель

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын заманбап социалдык-маданий мейкиндигин өнүктүрүү жана маданияттын муниципалдык мекемелерин модернизациялоо үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-2025-жылдар мезгилине Бишкек шаарынын мэриясынын

Маданият башкармалыгын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары – Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

   - белгиленген тартипте Концепцияны ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана бекитсин;

 - Бишкек шаардык кеңешке Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы         Ж.Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 23 Кб) 

финансылык план (doc. 15 Кб) 

юридикалык корутунду (doc. 13Кб)