Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек ш.мэриясы

2020-жылдын "19" май

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеӊештин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо тартиби»;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.

2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктта:

үчүнчү абзац төмөнкү мазмундагы редакцияда баяндалсын:

«баалоочу - Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык баалоо кызматтарын көрсөтүү үчүн керектүү квалификацияга ээ болгон жеке адам;

баалоочу уюм - белгиленген тартипте катталган жана штатында баалоо ишин аткаруучу бирден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.;»;

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа.»;

- 8 - пункттун экинчи абзацындагы «көз карандысыз баалоочуларды» деген сөздөр «баалоочуларды же баалоочу уюмдарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

- 15-пункт төмөнкү мазмундагы редакцияда баяндалсын:

«15. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле Бишкек шаардык кенеш тарабынан бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо тартибинин талаптарына ылайык баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчету бар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;

- 21-пункт төмөнкү мазмундагы «в-1)» кичи пункту менен толукталсын:

«-в 1) жер участогун баалоо жөнүндө отчеттун көчүрмөсү;»;

- 30 жана 32-пункттарындагы «көз карандысыз баалоочунун корутундусуна ылайык» деген сөздөр «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин жетектеген Бишкек шаарынынвице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

-маалымкат-негиздеме (doc. 35 Кб)

- салыштырма таблицасы (doc. 28 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 27 Кб)